Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Мадриддеги жардырууларга байланыштуу дагы төрт адам камакка алынды


Испан полициясы тарабынан 11-мартта Мадридде болгон террордук чабуулдарга катыштыгы бар деп, үч марокколук жана бир испан кармалды. Испаниялык жаран террорчуларды жардыргыч заттар менен камсыздады деп шектелүүдө.
Башка бир марокколук күнөөсү далилденбей, абактан койо берилди.
Азыр жардырууга байланышы бар деп шектелген 13 киши түрмөдө отурат.
11-марттагы бомба чабуулунда 202 киши өлүп, 1800дөн көп адам жарадар болгон.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек АЗАМ уулу, Прага

XS
SM
MD
LG