Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Ооган өкмөтү Гератка аскер жөнөттү


Дүйшөмбү күнү Ооганстандын президенти Хамид Карзай Герат провинциясында тартип орнотуу үчүн 1,5 миң аскер жөнөттү. Жекшемби күнү провинциянын губернаторунун уулу, өлкөнүн авиация министри Мирвайс Садык өлтүрүлгөндөн кийин башталган жаатташтык согушунда бери дегенде 100 адам курман болгон эле.

Кечээ күнү Ооганстандагы АКШлык аскерлердин өкүлү полковник Брайэн Хилферти жакынкы жумаларда талибдер кол салууларын күчөтө баштаарын эскертип, буларды билдирди:

-Биздин провинциядагы курулуш бөлүктөрүбүз коопсуздукту камсыздоого жардамдашты деген ишеничтебиз. Биз Германиянын консулдугунун кызматкерлерин көчүрдүк жана Гератта сапарда жүргөн Италиянын элчиси да курулуш бөлүгүнүн базасынан баш паана тапты. АКШлык кызматкерлердин жарадар болгону же урушка катышканы тууралуу бизде маалыматтар жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG