Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Косоводогу этникалык араздашуу үчүн албан экстремисттери күнөөлөндү


Кечээ, дүйшөмбү күнү НАТОнун башкы катчысы Яап де Хооп Скеффер косоволук албан экстремисттерин сербдерге каршы зобунду “уюштурду” деп күнөөлөдү жана косоволук албандардын жетекчилигин этникалык чатакташууну айыптоого чакырды.
Өткөн жумада Косоводо жергиликтүү албандар менен сербдер ортосунда чыккан жаңжалда 28 киши өлүп, 600 ашуун адам жарадар болду, 3 миңден көп адам үй-жайсыз калды. Шейит болгондордун көбү сербдер.
Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Ирландиянын тышкы иштер министри Брайэн Коэн Брюсселде жасаган билдирүүсүндө:

-Косовонун саясый жетекчилигинин жагдай үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуусу, өткөн аптада бейкүнөө адамдардын башына келген өлүмдү жана калабаны токтоткону оңдуу иш. Этникалык негиздеги чатак-жаңжалдарга кол куушуруп турбаш керек жана андай кутумдун уюштуруучулары жоопко тартылышы шарт.

Косово азыр Улуттар Уюмунун башкаруусунда.

XS
SM
MD
LG