Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Израил-палестин чатагы дагы курчуду


Палестин автономиясынын лидери Ясер Арафат кечээ күнү ХАМАС куралдуу кыймылынын негиздөөчүсү шейх Ахмед Ясинди Израилдин өлтүрүүсүнө байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Ясиндин өлүмүнө байланыштуу кечээ Газа шаарында өткөн нааразылык демонстрациясына 200 миңдей адам катышты.

ХАМАСтын жетекчилиги Израилден өч алуу үчүн палестиналыктарды “куралдуу каршылык көрсөтүүнү” күчөтүүгө чакырды жана Израилдин союздашы Кошмо Штаттарга каршы чабуул жасалышы мүмкүн экенин биринчи жолу эскертти.

ХАМАС өч ала баштайт деп кооптонгон Израил коопсуздук күчтөрүн күжүрмөн даярдык абалына өткөрүп, Газа тилкесинин түндүгүнө танкелерди киргизди.

Араб өлкөлөрү, Евробиримдик жана башка дүйнө өлкөлөрү Ясинди өлтүрүүнү айыпташты.
Израил бийликтери шейх Ясин жүздөгөн израилдиктерге каршы жасалган террордук чабуулдарды уюштурганы үчүн жок кылынганын билдирди.

Кошмо Штаттары Ясиндин өлтүрүлгөнүнө “катуу кыжалат” болгонун, бирок Израил өзүн террордук топтордон коргоого акылуу экенин маалымдады.
Ак Үйдүн өкүлү Скот МакКлеллан дүйшөмбү күнү Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында мындай деди:

-Биз мурда кайра-кайра белгилегендей Палестин жетекчилигинин террордук уюмдарды куралсыздандыруусу өтө маанилүү. Ушу тапта бардык тараптардын сабырдуу болуп, региондогу кырдаалды татаалдантып жиберчү ар кандай чеки кадамдардын алдын алуусу да өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG