Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

АЗОВ ДЕҢИЗИНДЕ ТҮРҮ СУУК ЖАНЫБАРЛАР КӨБӨЙӨ БАШТАДЫ


Шейшекан Жаналиева, Прага Балык чарбачылыгы боюнча Азов илимий изилдөө институтунун окумуштууларынын божомолдоруна караганда, Азов деңизинин химиялык составы өзгөрүп баратат. Бул эң ириде балыкчыларды тынчсыздандырууда. Анткени деңиздин туздуу болуп баратышы балык чарбачылыгын андан ары өнүктүрүүгө кыйла терс таасир тийгизүүдө.

Балык чарбачылыгы боюнча Азов илимий институтунун окумуштууларынын пикиринде, бир кезде тузунан арылтылган Азов деңизи барган сайын туздуу болуп баратат. Анын себебин окумуштуулар деңизден агып чыккан өзөндөгү суулардын, дарыялардын санынын азайышынан издешүүдө. Ошондой эле окумуштуулардын тынчсызданууларына караганда, Азов деңизинин туздуу болушу менен деңизде мурда кездешпеген ар кандай коркунучтуу жаныбарлар көбөйө баштады. Маселен, бул деңизде байыртан бери байыр алган баалуу балыктардын ордуна көзгө өтө эле коркунучтуу көрүнгөн түрү суук жандыктар пайда болууда.

Окумуштуулардын далилдөөлөрүнө караганда, Азов деңизиндеги балыктардын жана башка жандыктардын баарына текши коркунуч келтирген медуза (жылдызча) сыяктуу бир жандык пайда болду. Бул медуза сыяктуу жандык деңиздеги балыктар менен азыктанат.

Жергиликтүү балыкчылардын айтымында, кыр аркасы ылдый бойлогон жалы бар бул түрү суук жандык мындан бир нече жыл мурда Батыш жарым шарынан Кара деңизге бул жандыктар өздөрү сүзүп, же кемелерге жабышып келгени белгисиз.

Эми дешет балыкчылар бул жандыктар Азов деңизин байырлай баштады. Анткени Кара деңизге караганда Азов деңизинде алар тамактана турган азыктар көп.

Балык чарбачылыгы боюнча Азов илимий изилдөө инстититунун кызматкери Юрий Рековдун илимий байкоосуна караганда, анча чоң эмес бул жандык өтө соргок келет. Ал тынымы жок кыймылдап, үзгүлтүксүз тамак жей берет. Ошондуктан, бул жандык Азов деңизинде пайда боло баштагандан бери балыктардын жей турган азыктарынын кору кадимкидей азайып баратат.

Бир сутканын ичинде бул түрү суук жандык 13 миң жумуртка тууйт. Жумурткалары болсо тогуз күндүн аралыгында эле жетилет. Балыкчылардын баамдоолоруна караганда, бул жандыктар Азов деңизинин атагын чыгарган хамза балыгын жеп түгөттү.

Өткөн жылдын жай айларында Азов деңизинин Краснодар аймагындагы жээгинен балыкчылардын торуна деңиз мышыгы түшкөн. Деңиз мышыктары мурда Кара деңизди байырлаган. Бул жандыктардын Азов деңизине келиши суунун туздуу боло баштагандыгынын дагы бир далили дешет жергиликтүү балыкчылар.

Жергиликтүү элдин айткандарына караганда, айрым эпчил балыкчылар деңиз мышыктарын камбала балыгы деп сата баштады. Шылуун балыкчылар деңиз мышыгынын куйругун кыркып, камбалага окшоштуруп, элдин көзүн жазгырууда. Айрым балыкчылардын мындай айла-амалдары баары бир билинип калууда. Анткени, деңиз мышыгынын сырткы көрүнүшү камбалага окшош болгону менен даамы балыктыкындай эмес.

Азовдо Кара деңизден ооп келген уулуу балык пайда болду. Аны балыкчылар "деңиз ажыдаары" деп аташат.

Балыкчылардын айтымында, деңиз мышыктары жана деңиз ажыдаарына окшогон балыктар суу боюндагы тайыз борчуктарга, алтургай кумга кактанышат. Бул уулуу деңиз балыгынын уусунда нервди шал кылуучу күч бар. Кокусунан уулуу балыкка чактырып алган адамдар көпкө чейин өздөрүн жаман сезишет, ал эми жүрөгү начарлар мындай кырсыкка кабылса өлүп калышы мүмкүн.

Мындан бир жарым жыл мурда жергиликтүү калк күтпөгөн бир окуя болду. Балыкчылардын торуна жылан түшкөн. Суу жыланды эс алуучулар да байкашкан. Деңиз жээктеринде соймолоп бараткан жыландарды эс алуучулар чогулуп алып өлтүргөн учурлар көбүрөөк кездеше баштады.

Бирок окумуштуулар жыландарды кездештире электигин айтышууда. Ошентсе да Азов деңизинде жыландардын пайда болгондугу тууралуу маалыматка олуттуу мамиле жасала башталды.

Окумуштуулардын божомолдоолоруна караганда ал жыландар түштүк америкалык чакмак жыландары болушу мүмкүн.

Жергиликтүү элдин тынчсызданууларына караганда, бул жерде адамдардын жүрөгүн деңиз жыландары гана эмес, деңизден эч качан кездешпеген башка жандыктардын көбөйүшү да түшүрүүдө. Тактап айтканда, Азов деңизинин химиялык заттардан булганышынан улам түрү суук мутанттар пайда боло баштады.

Рековдун айтымында, алар бир жолу башынын жарымы жок осетр балыгын кармашкан. “Кызык жери кийинки кездери куйругу же канаты жок осетрлер көп кездешчү болду”,- дейт Реков.

Окумуштуулардын далилдөөлөрүнө караганда, Азов деңизинин экстремалдуу шартына ыңгайлашкан бирден-бир балык бул – кефал-пеленгас балыгы. Бирок ал дагы башка жактан ооп келген балык. Анткени Азов деңизине пеленгас балыгынын үйүр алуусу өткөн кылымдын 70-жылдарына туш келет. Бирок кийинчерээк пеленгас балыгынын кайсы деңиздерде жашаары белгилүү болду. Анткени балыктын бул түрү Кара деңиз жана Жер Ортолук деңиздеринде да кездешет. Жакында эле балыкчылар пеленгасты Африканын батыш жээгинен кармашкан.
XS
SM
MD
LG