Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

ЭЛАРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУ КЫРГЫЗСТАНДЫ БАШКАРУУГА КАНЧАЛЫК ТААСИР КӨРСӨТӨТ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандагы пландоо экономикасынан базар экономикасына өтүү, улуттук валютаны бекемдөө, төлөө балансын каржылоо өңдүү долбоорлорго колдоо көрсөтүп келген Эларалык валюта кору менен Кыргызстан алака кылганына 10 жылдан ашты. PRGF деп аталган жакырчылыкты жоюу боюнча үч жылдык меморандумга кол коюлгандан бери бул уюмга карата кыргыз коомчулугунда нааразы пикирлер да айтылып жүрөт. Эларалык валюта кору кыргыз өкмөтүнө өз ойлорун таңуулайт деп сындаган саясатчылар арбын. Өткөн аптада президент Аскар Акаев мындай дооматтарга өз жообун айтты.

Соңку кезде Эларалык валюта кору Кыргызстандын ички саясатына чейин кийлигишип, өз оюн таңуулап жатат деген пикирлер арбын айтылып жүрөт. Ошол эле учурда ырасмий бийлик өкүлдөрү бул уюмга өтө кылдат, жумшак мамиле кылганга өтүштү. Премьер-министр Николай Танаев өкмөт жыйынында Эларалык валюта корунун айткандарын өлсөк-тирилсек дагы аткарышыбыз керек, дагы бир жыл чыдайлы деген кыязда сүйлөгөн. Өкмөт башчынын бул сөзүнүн төркүнүн түшүнүш үчүн Эларалык валюта кору менен кол коюлган үч жылдык меморандумга токтололу.

2001-жылы 6-декабрда Эларалык валюта кору менен Кыргызстандын ортосунда кол коюлган PRGF программасы тууралуу келишим боюнча биздин мамлекет 110 миллион доллар жеңилдетилген шарттагы кредит алмак. Жыл башында которулган 14 миллионду кошкондо баш аягы 82 миллион доллар колго тийген. Бул үч жылдык келишимдин артынан Кыргызстан Эларалык валюта корунун жолдомосу менен Париж клубу аркылуу тышкы карызынын бир бөлүгүн реструктуризациялаганга жетишмек. Ошондуктан Эларалык валюта корунун койгон талаптарын аткаруу менен тышкы карыз жактан жеңилдеп алсак дегенде кыргыз бийлигинин эки көз төрт болуп турган убак. Ансайын Эл аралык валюта кору шарттарын катуулатып, болушунча жарга такап атканын ушундан баамдасак, парламенттин каршылыгына карабай айыл чарба ишканалары үчүн кошумча нарк салыгын киргиздирди.

Дал ушундай күндөрдө Эларалык валюта корунун кыргыз өкмөтүнө жасаган басымы да ачык көрүнүп, «өз башыңар эмес МВФтин башы менен ойлонуп калдыңар» деп тилдеген дооматтар да арбууда. Мамлекет башчы Аскар Акаев өткөн аптада болгон бизнес-форумда дал ушул маселеге пикирин билдирди. Аскар Акаевдин оюнда кыргыз өкмөтүнүн тигил же бул маселени чечүүгө келгенде өз эрки өзүндө.

- Кимдир-бирөө, Таапио Саавалайнен мырза же дагы бир адам тоскоол кылып атат дегендей пикир түзүштүн кереги жок. Алар эч качан кийлигишпейт. Биз чечкиндүү кадамдарга даярбыз, бизди эларалык финансылык уюмдар кармап атат деген ой болбосун. Бул андай эмес. Фискалдык саясатты кыргыз өкмөтү парламент менен чогуу жүргүзөт, ага толук эркиндигибиз бар. Таапио Свалайнен отуруп алып өзү жалгыз биз үчүн чечип атат дегендей пикир болбош керек, - деди мамлекет башчы.

Байкоочулардын ырасташынча Эларалык валюта корунун ою жалпысынан жаман эмес. Айлыкты убагында бергиле, бюджеттин дефицитин азайткыла, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү оңдоп, инфляция азайсын деген ойлордун эмнеси жаман дешет талдоочулар. Бирок эксперттердин баамында Эларалык валюта кору Кыргызстандын жардылыгын жаш жана чакан мамлекет экенин эстен чыгарууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султановдун оюн тыңдайлы:

- Эларалык валюта кору өнүккөн өлкөлөр басып өткөн тажрыйбаны бизге алып келүүдө. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандагы шарттарды эске албай келет. Мисалы, айыл чарба ишканаларына кошумча нарк салыгын киргизди, бирок биздин чарбалар ага даяр эмес экенин ойлогон жок. Мүлккө болгон салыкты чоң өлчөмдө жалпы калкка дароо киргизели дейт. Мен буга да каршымын. Киргизсин, бирок алгач байларга киргизүү керек. Мындай болуп атат да, мисалы бир доктур бар. Ал доктур аспиринди гана билет. Температурасы көтөрүлсө да, башы ооруй баштаса да асипирин бере берет. Балким мунун дарты башка жеринде деп ойлобойт.

Марат Султановдун айтымында, сүйлөшүү учурунда Эларалык валюта коруна мамлекеттик чиновниктер деле каяша айтканга аракет кылышканы менен майнап аз, себеби Америкадан эчак даяр келген келишимди оңдотуштан өткөн тозок жок.

- Ушул талаптарды аткаргыла, анан биз силерге мындай кылып беребиз деп көшөрө беришет да. Мен булардын иштөө жолун ачык эле айтып койоюн. Дайыма келишимдин үлгүсү Вашингтондон даяр бойдон келет. Биздин мамлекеттик кызматкерлер өз ойлорун айтып, алар менен күрөшкөнгө аракет кылышат. Бирок колундагы даяр келишимди оңдотконго чынында мүмкүн болбой калат, - дейт Марат Султанов.

Ал эми айрым байкоочулар Эларалык валюта корунун эксперттеринин жакшы жактарын дагы, мүчүлүштүктөрүн да эске алышат. Жогорку Кеңештин депутаты Темирбек Сариев бул уюмдун эксперттеринин өткөөл экономиканы тереңден түшүнгөн прагматикалык көз караштарын баалайт. Депутаттын оюнда Эларалык валюта корун сырттан келген желмогуздай көрбөш керек. Темирбек Сариев алардын субьективдүү көз караштарын жана Кыргызстандын ички шарттарын түшүнбөстүгүн да жокко чыгарбайт. Анын оюнда уюмдун Кыргызстанга келип, аз убакыт иштеп, улам алмашып турчу кызматкерлери Кыргызстандагы трайбализм, коррупция өңдүү коомдук ооруларды жана кыргыздардын менталитети өңдүү жагдайларды эске алышпайт.

Каржы министри Болот Абилдаевдин пикиринде Эларалык валюта кору менен кол коюлган 3 жылдык программада Кыргызстан көп нерсени утту. Бул программанын мөөнөтү ушул жылы октябрда аяктамак. Бирок улам жылып атып азыр 2005- жылдын апрель айы деп боолголонууда. Жогорку кеңештин депутаты Марат Султановдун пикиринде андан ары да узарышы ыктымал. Байкоочулар муну алдыдагы шайлоолор менен да байланыштырышат. Тышкы карыздын айрым бөлүгү жоюлабы, кээ биринин мөөнөтү узарабы? Париж клубу Эларалык валюта корунун алдында Кыргызстандын тартиптүү, тил алчаак окуучу болгонунан мурда ошол кездеги саясий кырдаалга карайт дешет байкоочулар.
XS
SM
MD
LG