Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА - КОРРУПЦИЯНЫН ТУУНДУСУ


Кыргызстанда көмүскө экономиканы коңулдан чыгаруу, ишкердиктин цивилизациялуу жолуна өтүү чакырыктары арбын айтылат. Аны чынга чыгаруу амалында жакында эле “Көмүскө Кыргызстан – күнөстүү Кыргызстан” деген аталышта жыйын өткөн. Быйылкы жыл Кыргызстанда социалдык дем-шык берүү, акыйкат башкаруучулар жылы катары жарыяланган.

Адистердин айтымында, көмүскө экономиканын болушун шарттаган себеп-жагдайлар биртоп. Бул ириде мыйзамда так белгиленбей калган шарттарга, ийкемдүү салык саясатынын жоктугуна, текшерүү-тескөө кызматтарынын көптүгүнө, анан да коррупцияын чайлап-коолап кетишине байланыштуу. Улам-улам өзгөртүлүп жаңыртылгандыгына карабастан Салык кодекси азыркы талапка жооп бербейт. Анда текшерүү-тескөө кызматкерлери жеке кызыкчылыгына пайдалана турган боштуктар толтура экенин президент А.Акаевдин атайын белгилеген жайы бар.

- Салык кодекси ийкемсиз болуп калды. Эки жылдан бери аны дагы кайрадан оңдоп-түзөп чыгуунун кереги жок экенине көзүбүз жетти.

“Көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруу аракетин мындан үч жыл илгери Казакстан жасап, салыктан жашырылып тапкан кирешелерди ачыкка чыгаруу, тапкан пайданы жашырбай адалдоо чакырыгын таштаган. Казакстанда чыгуучу орусиялык “Эксперт” журналынын редактору Булат Кусаиновдун айтымында, бийликтин мындай аракети күткөн натыйжаны берген жок, бериши да мүмкүн эмес болчу. Себеп дегенде, жашыруун табылган акчаларды адалдоонун механизми так иштелген эмес. Анын үстүнө, Б.Кусаиновдун маалымдашынча, 1997-98-жылы Казакстандын табигый байлыктары менчиктештирилген чакта эпсиз чоң байлыктын ээси болуп чыга келишкендер жашыруун дүйнөсүн жалпыга дайын чыгарууга шашылган жери жок. Кирешелүү тармактардын итбекер арзанга сатылып, жалпы республика үмүт арткан ири кендердин кайрымжысын жаамы калк сезе албай жатканы кыргызстандыктарга деле тааныш.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин Кирешелер комитетинин финансы полициясынын жетекчиси Айдар Мокенов азырынча “көмүскө экoномикага” каршы күрөш натыйжа бере электигин, мыйзам бузгандардын бир да бирөөнө катаң жаза колдонулбаганын айтып, “көмүскө экономика” өзүнө окшогон “көмүскө юстицияны” таап алганын мисалга тартат.

- Эгер алкы бузук чиновник жасаган иши үчүн жоопкерчиликке тартылбаса, аны көргөн башкалар эч нерседен сестенбей калат, атүгүл ал көнүмүшкө айланат. Аны көрүп эле жүрбөйбүзбү. “Көмүскө экономиканын” мыйзам сактоо жаатында жайылып баратышынын себеби, менимче, “көмүскө юстицияга” байланыштуу.

А.Мокенов мыйзам бузгандардын текши баарына сабак болсун үчүн катаң жазалоо зарыл деп эсептейт. Бирок да, жалаң жазалоого ыктоонун натыйжасы мыкты болооруна “Шоро” фирмасынын президенти Табылды Эгембердиев ишенбейт. Анын ою боюнча чочулоого негиз жок:

- “Көмүскө экономика” анчалык деле корко турган нерсе эмес. Булaр - футбол оюнунда сааты келгенде талаага чыга турган запастагы оюнчулар. Ошон үчүн алар коңулдан күнгө чыгышын күтө туруу керек. Күн алдында өскөн чөптүн кубаты күчтүү болот,- дейт Табылды Эгембердиев.

Ишкерлер коомунун президенти Кубанычбек Тезекбаев Кыргызстандагы “көмүскө экономика” патент системасына байланыштуу деген пикирде. Анын айтымында, күндөлүк чай-чамек деп керээлден-кечке базарда отурган адам менен май куюу, кафе, ресторан ачкандардын кирешесин салыштырып болбойт. Бирок, экөө тең патент менен иштешет:

- Коррупция, “көмүскө экономика” деген ушул жерде жатат. “Көмүскө экономика” бизде аябай өөрчүбөдүбү, абыдан өнүгүп жатат.

Ушуга үндөш жагдайды Казакстанда ири кендер менчиктештирилген чакта мамлекеттик бюджет кыйла акчадан кур калып, пайданы ортодогу чиновниктер көрүшкөнүн Булат Кусаинов момундайча түшүндүрөт:

- Колдогу акчанын аябай көбөйүшү Казакстанда 1997-жылга туура келет. Бул кезде колдогу акчанын көбөйүшү 54% жогорулады, бул, кыязы, менчиктештирүүгө байланыштуу болду окшойт.

Адистер арасында Кыргызстандагы “көмүскө экономиканын” көлөмү тууралуу аркыл божомол пикирлер, көбүнесе ал 30% же 50% түзөөрү айтылып келатат. Тыштан келчү жардамга үмүт артып отурган республика үчүн мынчалык “запастагы оюнчунун” болушу кыйла эле оор экени кийинки кездери кыргыз бийлигин көп ойлонтууда.
XS
SM
MD
LG