Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Кабыл Макеш,Бишкек. Кыргыз эли илгертен эле жоргону жогору баалап, аксакалдар, байбичелер аземдеп минишкен. Кийинки учурда бардар адамдар жорго күтүүнү салтка айландырып баратат. Ошентсе да кыргыздын мыкты жорголорун коңшулаш казак боордоштор сатып кетишүүдө. Эми жоргонун түрлөрү, аны таптоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу азыноолак сөз кылалы.

Жоргону кыргыз эли илгерки замандан бери абдан жогору баалаган. Ошон үчүн «күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин» деп айтып келишкен.

Бир жайлоодон экинчи жайлоого көчкөндө, үлүшкө, мейманга, той-тамашага, кудага жорток жылкыны минип баргандан көрө, жоргону минип баруу асемдүү жана жанга тынч болгон.

Кыргыз эли жоргону: чапма жорго, төкмө жорго, урма жорго, кой жорго, жол жорго деп бир нече түргө бөлгөн. Жол жоргону алыс жолго чыкканда кыйтыңдатып минишсе, кой жоргону өргө тартып, өйдө-ылдыйда мыйтыңдатып, арышын кичине кылып, оозун тартып жүрүшкөн. Чапма жорго дегенде кээде таскактатып, кээде чаап, жоргосунан жанып турганды айтышкан. Анан алабарман жорго деп урдурганда алакачып, бир топ жерге барганда жазып, жолдон буйт берип, чыга качкандарды айткан. Анык жоргосунан жазбаган куштун канатындай зымыраган жоргону төкмө жорго деп жогору баалап, барктаган.

Жорго салуу мелдештеринде ушул түрү гана катышып жүрөт.

Кыргыз элинин баатырдык «Манас» эпосунда акылман Бакайдын Бозжоргосу көркөм сүрөттөлгөн.

Кыргызда Шырдакбектин Бозжоргосу тууралуу санжыралуу кеп айтылып, анын алдына эч бир күлүк чыкпаганы даңазаланып келет.

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов дагы «Жаныбарым, Гүлсарым!» аттуу повестинде Гүлсаратты чапма жорго катары сүрөттөгөн.

Казак-кыргыз аш-тойлорунда далай байге алган Ысыккөлдөн чыккан Торала жорго тууралуу да көп айтылып келди.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн күлүктөрү аламан байге, жорго салдырууда баш байгеге коюлган 70тен ашуун жеңил авто машина утуп алышкан. Ошонун жарымына жакынын жорголор жеңип беришкен.

Жоргонун күлүктөрдөн өзгөчөлүктөрү тууралуу өлкөнүн ат спорту федерациясынын мүчөсү, саяпкер Кемел Ашыралиев ойлорун ортого салды:

- Жоргонун дагы бир өзгөчөлүгү - кээ бир жорголордун эки алдыңкы буттары жорголойт. Муну орустар «рысак» деп аташат. Анан дагы башкалардын үч буту жорго болот. Аны «трапата» деп койсок болот.Чыныгы жоргонун 4 буту тең жорголойт. Сол жагынан кеткен бутуна оң жагындагы арткы буту кошо кетет. Оң жагындагы алдыңкы бутуна шайкеш арткы сол буту эриш-аркак кыймылдайт. Жоргону күлүктөн башкача таптайт. Жоргонун айырмасы - аны бир эли казысы менен катырып коюп, чийне тартып, кой кайтарып, чарбачылыкка минсең болот. Тоо-ташка, мергенчиликке минип, суу кечип, каалагандай уруна берсеңиз боло берет. Ал эми күлүктү мине албайсыз. Ат желгенде өпкө-жүрөгүңүз, бооруңуз эзилип калат. Ошондуктан жорго пайдаланууга ыңгайлуу келип, унаа катары минсе жарашат. Жарышка салаардан 5-6 күн мурун жакшылап суутуп, терин алып, анан марага койо берсеңиз, жорго сизди уят кылбайт.

Өлкөдөгү мыкты жорголор жөнүндө Бишкектеги «Аккула» атмайданынын директору Тынчтыкбек Акматбеков буларды айтып берди:

- Акыркы жылдары кыргызда мыкты жорголор чыкты. Балыкчылык Шарип Кылычовдун таптаган жорголору көп мелдеште баш байгени жеңип, ээсине баш- аягы 4-5 жеңил машина утуп берди. Тоң районунун «Айкөл» чарбасынын жорголору дагы алдыга озуп келип жүрөт. Ал чарбанын жетекчиси Замир Мукашев жакшы жорголорду тандап, тукумун үзбөй көбөйтүп келүүдө. Чолпонатада Таалай Бурганаков менен Абдималик Акманбаевдин мыкты жорголору бар. Кыргыздын жакшы жорголорун казактар баасына карабай сатып кетүүдө. Алар дагы Америкадан, Орусиядан асыл тукум жорголорду алып келишип, акыркы убакта бул тармакты колго алышты.

Бирок, 2-3 жылдан бери кыргыздардын жорголору аларды алдыга чыгара элек. Кийин эле алардын жорголору кыйын болуп кетүүсү ыктымал. Себеби, алар селекция ишин жолго коюп алышты. Бизде таза жорго менен таскактуу жорго аралашып кетип, эми саяпкерлер төкмө жорголорду көбөйтүүгө аракет кылышууда. Биз дагы АКШ, Орусиядан асыл тукум жылкылардын арасынан сейрек чыга турган жорголорду алып келип, аны көбөйтсөк дурус болмок. Ага чама жетпей турат.


Казакстандык ат спортунун күйөрмандары кыргыздардын жорголорун 4-5 миң долларга баалап сатып кетип жатышканын, өлкөдө жакшы жорголордун наркы 2-3 миң долларга бааланып жүргөнүн адистер айтышты.


(Сүрөттө - Бишкектеги "Аккула" атмайданындагы улак тартыштан бир көрүнүш).
XS
SM
MD
LG