Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

ИЛХАМ АЛИЕВДИН ТАШКЕНДЕ СҮЙМӨНЧҮКТҮҮ КОНОК БОЛУШУНУН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Жаңыл Жусубжан. Прага Aзербайжандын президенти Илхам Алиев бүгүн Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапарын баштады. Биринчи эле күнү ал президент Каримов менен сүйлөшүү жүргүздү. Ушул күндөрү Алиевдин урматына бир катар шаан-шөкөт, жыйындар уюштурулууда. Маселен, Өзбекстанда азери жазуучусунун эстелиги орнотулуп, азери маданият борбору ачылып жатат. Өлкөдө Алиевдин мынчалык жылуу кабыл алынышынын төркүнү эмнеде?

Азери президенти Илхам Алиевдин Өзбекстанга расмий сапар менен келишин коңшулаш өлкөлөр айрыкча ынтаа менен көңүл бура турган окуялардын катарына кошсо болот.

Илхам Алиев сапарынын биринчи эле күнүндө президент Каримов менен бир катар келишимдерге, анын ичинде стратегиялык кызматташттыкты бекемдөө декларациясына жана илимий-техникалык кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду. Алар ошондой эле орток сооданы өркүндөтүүгө макулдашышты.

Саясий байкоочулар эки өлкөнүн жетекчилери эл аралык сахнада бир-бирине таяныч болууга умтулушаарын, анткени экөөнү түйшөлткөн көйгөйлөр да, көздөгөн мүдөөлөрү да окшош экендигин белгилешүүдө.

Зафар Гулиев - Азербайжандын "Туран" кабар агенттигинин саясий серепчиси. Анын айтымында, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы анчейин дурус эмес:

- Өзбекстан - жаратылыш газынын эң ири экспорттоочуларынын бири. Азербайжанда газдын тартыштыгы бар, ал газды Орусиядан сатып алууга мажбур. Бул жаатта кошумча шерик артык баш болбойт. Мындан тышкары, Өзбекстандын пахта өндүрүшү Азербайжанды камсыздай алат. Жана, дагы бир өтө маанилүү нерсе, Азербайжан өз товарларын Өзбекстанга экспорттой алат. Азербайжандын аймагы аркылуу товар ташууга да болот.

Арийне, эки өлкөнүн мамлекет башчылары биринчи кезекте бир-биринин саясий колдоосуна муктаж. Азери президентинин эл аралык коомчулуктагы аброю төмөн. Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү өткөн жылдагы президенттик шайлоодогу эрежер бузууларды жана андан кийин оппозициянын куугунтукка алынышын катуу сынга алышкан. Ошондуктан Илхам Алиев тышкы саясатын башка өңүткө салып, коңшулар, айрыкча КМШ өлкөлөрү менен алакасын бекемдөөгө умтулат.

Сөз кайрадан Гулеивде:

- Бул өлкөлөрдө Алиев өзүн жакшы сезет, анткени алар да бийликти алмаштыруунун нео-монархиялык жолуна ык тартышат. Алар саясий кырдаал, бийлик түзүлүшү, советтик таризде эл бийлөөнүн жаңыланган түрү менен бир-бирине окшоп турушат. Ошондуктан Алиевге бул өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен тил табышуу жеңилирээк.

Өзбекстандагы саясий аналитиктер да азери кесиптештеринин айтканына кошулушат. Ташкендик көз карандысыз баяндамачы Анвар Назиров мындай дейт:

- Айрым КМШ өлкөлөрүндөй эле, Өзбекстан да, Азербайжан да ар дайым ишенимдүү, колдоодон тайбаган шерик издешет. Азербайжан менен грузиндер жана Украина Өзбекстан үчүн ушундай шериктин ролун ойноп келишти.

Назаровдун ишениминде, Илхам Алиев ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуу менен өз позициясын бекемдөөгө жана салмактуу саясий аброй күтүүгө далалаттанат:

- Алиев мыйзамдуу жетекчи катары аброй күтүп, белдүү саясатчы катары таанылууну көздөп жатат. Ушундан улам, ал Маскөөгө барып, Владимир Путин менен жолугушту, эми Борбор Азиая өлкөлөрүнө келди.

Ташкенде конок ээлери Илхам Алиевдин атасы, маркум Гейдар Алиевдин урматына эскерүү салтанатын уюштуруп, дагы башка урмат-сый көрсөтүп жатышат. Аналитиктер мындай иш-чараларды советтик үлгүдөгү саясий салт-санаалардын белгиси деп баалашууда.

XS
SM
MD
LG