Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Тоолордогу көлмөлөр көзөмөлгө алынат


БИШКЕК. 1-апрелге чейин өлкөнүн аймагындагы бийик тоолордогу көлмөлөрдүн учурдагы жагдайы, дарыялардын жана кар запастарынын көлөмү текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйынында Гидрометеорологиялык кызматка табышталды. Жыйында унаа жолдорунда түшкөн кар көчкүлөрдү тазалоо иштери жана анын алдын алуу тууралуу маселелер каралды. Бишкек-Торугарт унаа жолунда коркунуч туудурган кар көчкүнү аттыруудан 360 миң кубометрлик кар тосмосу пайда болгон. Жолчулардын маалымдашынча, жол 5 күндө тазаланат. Ал эми 20-марттагы Ош облусунун Сарыбулак айыл өкмөтүнүн Сарыкүнгөй бөлүмүндөгү жер көчкүнүн көлөмү 400 миң кубометрди түзгөн. Жер көчкүнүн кесепетинен электр линиясынын 13 тирөөчү кыйрап, Каракулжа-Ош-Гүлчө электр линиясы үзгүлтүккө учураган. Учурда аны калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG