Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Белгилүү тарыхчы-илимпоз Анварбек Хасановдун 90 жылдыгы белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгилүү тарыхчы-илимпоз Анвар Хасановдун (1914-1984) токсон жылдыгына арналган илимий конференция болду. Ага республиканын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, тарыхчылар, окумуштуулар жана студенттер катышты. Конференцияда «Анвар Хасанов - чебер устат, тарбиячы, чыгаан окумуштуу», «Анвар Хасанов жана Кыргызстандын 1960-80-жылдардагы тарых илими», «Хасанов жана Кыргызстандагы этностор аралык туруктуулук» деген жана башка темалар боюнча баяндамалар жасалды. Окумуштуу-тарыхчы Анвар Хасанов «Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхынан», «Кыргызстан менен Орусиянын саясий жана экономикалык байланыштары», «Кыргыздардын Кокон хандыгы жана Орусия менен болгон карым-катнаштары» деген сыяктуу 10го жакын монографиялардын жана 200гө жакын макаланын автору. Ал кыргыздардын улуттук-боштондук күрөшүнүн тарыхын иликтеген бир нече адисти да даярдаганы менен маалым.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG