Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

«Энесай» гезитинин баш редактору камакка алынды


БИШКЕК. 18-мартта «Энесай» гезитинин баш редактору Аленов Бахпурбек кылмыш кодексинин 170-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча айып тагылып камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, баш редактор Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Тайырбек Сарпашевге байланыштуу чырлуу материалды «800 доллар бербесеңер газетанын кийинки санына чыгарам», деп депутаттын бир тууган иниси Эмир Сарпашевден акча берүүсүн талап кылган. Баш редактор депутаттын инисинен акча алып жатканда, Кызматтык кылмыш боюнча күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эми айыпталуучунун адвокатынын же анын тарапкерлеринин бул окуяга карата пикирин билүүгө азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG