Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Акыйкатчы парламентке өз ишмердүүлүгү тууралуу баяндайт


БИШКЕК. Апрель айына чейин Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңешке укук коргоо институту түзүлгөндөн бери жүргүзүлгөн иштери боюнча отчет берет. Акыйкатчынын баяндамасы (отчету) адегенде парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында, андан соң, Эл өкүлдөр палатасында угулат.
Акыйкатчы баяндамасында Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу, сот, прокуратура, тартип коргоо органдарында орун алган мыйзам бузуулар жана башка маселелер жөнүндө маалымдап, укук коргоо тармагындагы абалды жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин айтат. Турсунбай Бакир уулу мындай сунуштарын президент Аскар Акаевге да жолдомокчу. Ушул жылдын башынан тарта эле Акыйкатчыга 1000ге жакын атуул арыз менен кайрылды. Акыйкатчынын кеңсесинен маалымдашкандай, соңку мезгилде бул укук коргоо институтунун айрым кызматкерлерине кол тийгизүүлөр жана коркутуулар орун алууда.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG