Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

«Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо кийинкиге калды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында депутаттар «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты. Палатанын мурдакы отурумдарында да талаш-тартышты жараткан алты берене боюнча депутаттар бир пикирге келе алышкан жок. Көпчүлүк депутаттар кайчы пикирди туудурган Кыргыз өкмөтүнүн курамы тууралуу 6-беренени жана Кыргыз Республикасынын премьер-министрин дайындоонун тартиби тууралуу 7-беренени, ошондой эле премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант бериши тууралуу беренелерди комитет тарабынан кайрадан иштелип чыгуу тууралуу сунуш кылышты. «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзам толбоорун талкуулоо бейшемби күнү улантылат. Ушул эле күнү мыйзамчы депутаттар "Административдик жоопкерчилик" боюнча Кыргыз Республикасынын кодексине, кылмыш жаза жана атуулдук процесуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү долбоорду талкуулашты.

XS
SM
MD
LG