Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

КЫРГЫЗСТАНДА КАВКАЗ ТАЖРЫЙБАСЫ КАЙТАЛАНАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Бишкекте жакында АКШ барып келген саясатчылар жана Грузия менен Азербайжандан келген эксперттердин катышуусунда талкуу өткөрүлдү. Анда постсоветтик айрым өлкөлөрдөгү бийлик алмашуу жана Кыргызстанда 2005-жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолор тууралуу пикир алмашуу болду.

Талкууга Грузиядан келген саясат таануу илимдеринин доктору Отар Конделаки, азербайжандык эксперт Губат Байрамов, жакында АКШ барып келген кыргызстандык саясатчылар жана бир катар саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Адегенде, Грузиянын өкүлү мындан бир нече күн илгери ал өлкөдө болгон «Жибек төңкөрүшү» жана президент Михаил Саакашвилинин соңку мезгилдери жүргүзгөн саясаты тууралуу маалымат берди. Андан соң азербайжандык эксперт жана жакында эле АКШга барып кайткан кыргыз саясатчылар сөз сүйлөшүп, суроо-жооп болду.

Отар Конделаки Грузиядагы «Жибек төңкөрүшүнүн» башкы себебин ал өлкөнүн мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзенин бийликти өз колуна топтошу, ал өлкөдө коррупциянын мамлекеттик деңгээлде өскөндүгү, мамлекет башчынын үй-бүлөөсү жана жакын адамдары өлкө байлыгын өз каалаганындай пайдаланышы жана карапайым эл жакырданып, аткаруу бийлигине ишенбей калгандыгы менен түшүндүрдү. Ошондой эле ал Грузиядагы бийлик алмашууга АКШнын Жорж Сорос сыяктуу бай адамдарынын колдоо көрсөтүүсү да түрткү болгондугун белгилей кетти:

- Жорж Соростун Эдуард Шеварднадзеге таарынуусуна толук негиз бар эле. Анткени убагында Жорж Сорос Шеварднадзеге келип, Грузияга каржылык колдоо көрсөтүп, өлкөдөгү корруцияга чек коюп, өлкөнү оор социалдык-экономикалык абалдан алып чыгууга көмөгүн сунуштаган. Ага Шеварднадзе макул болгон эмес. Натыйжада Жорж Сорос Грузиядагы бийликти алмаштырууга кызыкдар болгон.

Ал эми эксперт Губад Байрамов Азербайжандагы бийликтин атасынан баласына өткөрүлүп берилишин ал өлкөнүн мунайга бай экендиги жана Азербайжандагы оппозиция өкүлдөрүнүн жеткиликтүү деңгээлде бириге албагандыгы менен түшүндүрдү. Анын пикиринде, өнүккөн өлкөлөрдүн Азербайжан мунайында экономикалык кызыкчылыгы болгондуктан, алар ал өлкөдөгү бийликтин алмашышын каалашкан жок.

Чет өлкөлүк эксперттерден соң жакында АКШ барып келген саясатчылар Муратбек Иманалиев менен Эмил Алиев Кошмо Штаттарындагы жолугушуулар, ал өлкөдөн көргөн-билгендери тууралуу айтып беришти.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиевдин пикиринде, Кыргызстанда бийлик Грузия же Азербайжандын үлгүсүндө алмашаарын азырынча айтуу эртелик кылат. Ошондой болсо да, 2005-жылы Кыргызстанда бийликтин алмашышына чет өлкөлөр тарабынан колдоо болоорунда шек жок:

- Өзүңүздөр күбө болгондой, талкууга катышкан эки конок тең ал өлкөлөрдөгү бийликтин алмашуусуна тышкы фактор таасир тийгизгендигин айтышты. Ушундан улам мен 2005-жылкы шайлоолордо тышкы фактор болоорун так айта алам. Ал эми кандай тышкы фактор экендигин азырынча айтуу кыйын.

Ал эми «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, Грузияда бийлик алмашуусуна өбөлгө болгон себептерге жакын жагдай соңку мезгилдери Кыргызстанда да түзүлдү:

- Менин оюмча, Грузияга караганда Кыргызстанда мамлекеттик кылмыштуулук көп. Кайталап айтам, жөн эле кылмыштуулук эмес, эң коркунучтуу мамлекеттик кылмыштуулук. Ага мисал катары мыйзам бузуу жолу менен жогорку бийликтин бир адамдын колуна топтолушунан улам өлкөдө коррупциянын өсүшүн, кыргыз элинин 99 пайызы жакырчылыкка дуушар болушун, миңдеген гектар жердин Кытайга берилишин жана толгон токой мисалдарды келтирүүгө болот. Ошондуктан Аскар Акаев бийликтен кетүүдөн абдан чочулап, кайрадан бийликте калууга тымызын даярданууда. Анткени, ал бийликтен кеткенден кийин өзү жасаган иштерине жооп бериши керек. Менин оюмча, Аскар Акаев эртеби кечпи Кыргызстандын көз каранды эмес соту тарабынан соттолушу керек.

Мындай талкуу АКШнын мамлекеттик департаментинин каржылык колдоосу менен Кыргызстандагы «Корупцияга каршы күрөшүү» бейөкмөттүк уюму жана Кошмо Штаттардагы Чыгыш демократиясы институту тарабынан уюштурулду.
XS
SM
MD
LG