Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

«ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНУН БАГЫ АЧЫЛБАДЫ...


Бир аптадан ашуун эс алган Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 23-мартта «Өкмөт жөнүндө» мыйзамдын долбоорун кароого киришип, бирок аны кабыл ала алышкан жок. Өкмөт менен депутаттар мыйзамдын 7-беренеси боюнча бир пикирге келе алышпай жатышат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев белгилегендей «Кыргызстандын өкмөтү жөнүндө» мыйзам долбоорунун бактысы тогуз айдан бери ачылбай келатат. 23-мартта да мыйзам долбоору палата тарабынан кабыл алынган жок. Өкмөт менен парламентарийлер мыйзамдагы 7-берене боюнча бир пикирге келе алышпай койду. Палата кароосуна алып чыкканга чейин өкмөт менен комитет макулдашууга келе албагандыгын, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин катышуусу менен бүгүн өткөн жыйында Мыйзам чыгаруу жыйынынын Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Абсамат Масалиев маалымдады:

- Урматтуу депутаттар, талаш туудурган алты берене боюнча тапшырма берген элеңиздер. Биринчиден, биз жетинчи беренедеги «өкмөт курамы тизме боюнча бекитилет» деген жобо боюнча орток пикирге келе албадык. Өкмөт өз оюнда, биз өз оюбузда калып отурабыз.

Анын айтмында, өкмөт өкүлдөрү менен комитет мүчөлөрүнүн биргелешкен жыйынында талаш туудуруп келаткан калган дагы беш берене боюнча орток пикир табылды. Бирок палатадагы талкуунун жүрүшүндө комитет макулдашууга барган беренелер боюнча да талаш-тартыш күчөп кетти. Мыйзамда айрым өкмөт мүчөлөрүнө парламент тарабынан ишеним көрсөтпөө мүмкүнчүлүгү берилбегендиги депутаттарды нааразы кылды.

Талаштан чыгуунун жолун караган депутат Ишенбай Кадырбеков жетинчи берененин компромисттик вариантын сунуштады. Ага ылайык адегенде өкмөт тизме боюнча парламент кароосуна коюлат, эгерде бекитилбесе ар бир өкмөт мүчөсүн бирден беките баштайт. Ишенбай Кадырбеков мыйзам долбоорун андан ары сынга алып, анда министрлерден сырткары комитет, комиссия, агенттик жана башка маанилүү мекемелердин жетекчилерине парламенттин ишеним көрсөтө албасын кемчилик катары баалады.

"Дүйнөлүк практикада бардык бийлик органдары өкмөттүн курамына кирип, ал бирдиктүү орган катары иштеп жатканда, бизде чаржайытыкка жол берүү туура эмес", деп белгиледи Ишенбай Кадырбеков. Бирок өкмөт мүчөлөрү И.Кадырбековдун варианттын кабыл алууга каршы чыкты.

Андан кийин мыйзам долбоорунун тагдырын добуш берүү менен чечүү сунушталды. Бирок мыйзам конституциялык болгондуктан тийиштүү 40 добушту бир да берене ала алган жок. Айрым депутаттар бул мыйзамды кароону токтотууну сунуштап, аны жаңы парламент кабыл алып алат деген пикирин билдирди.

Бирок бир катар депутаттар ага каршы чыкты. Маселен, депутат Алымбай Султанов азыр кабыл албасаңар, келээрки парламенттик шайлоодо «Алга, Кыргызстан» жеңишке жетишип келсе, баарын каалагандай кабыл алып алат деп билдирди:

- Эртең «Алга, Кыргызстан» деген партия бийликке келип кала турган болсо, бүт баарыңардын чаңынарды чыгарат. Ошондуктан азыр жакшы мыйзам кабыл алып калалы.

Бирок депутаттар Султановдун мындай тамаша-коркутуу чакырыгын кулак сыртында калтырып, тарап кетишти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG