Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Тайландда жардырылган бомбадан бир киши жарадар болду


БАНГКОК. Тайланддын түштүк чөлкөмүндө жардырылган бомбадан, бери дегенде, бир киши жаракат алды. Полициянын айтымында, бомба өлкөнүн ички жана коргоо министрлеринин жолугушуусу өтүп жаткан имараттын каршысында жарылган. Ошондой эле полициянын аракетинин арты менен бир автомашинеден бомба табылып, коопсуздандырылды. Быйыл өлкөнүн түштүк аймактарында болгон теракттарда жана түрдүү кол салууларда 54 киши курман болду. Кол салуулардын жоопкерчилигин эч ким өзүнө алган жок. Бирок өкмөт алардын артында исламдык топтор турганынан шектенет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG