Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Көз карандысыз комиссия АКШнын администрация мүчөлөрүн суракка алып жатат


ВАШИНГТОН. АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү 11-сентябрдагы теракттарга байланштуу суракка алынып жатат. Террордук чабуулду иликтеп жаткан көз карандысыз комиссиянын сурагына алынгандардын ичинде АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл жана Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд да бар. Комиссиянын суроолоруна, ошондой эле, Клинтондун администрациясында өлкөнүн тышкы иштер министри болуп турган Мадлен Олбрайт, коргоо министри болгон Уильям Коэн да жооп беришет. Ушул жумада суракка Ак Үйдүн мурдагы кеңешчиси Ричард Кларк да чакырылат. Жакында жарык көргөн китебинде Кларк Бушту "ал-Кайиданын” коркунучун этибарга албастан, бар көңүлүн Иракка бурган" деп күнөөлөгөн. Вице-президент Дик Чейни менен президент Буштун коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Кларкты ноябрда боло турган шайлоонун алдында президенттин абройун кетиргиси келип жатат деп айыпташты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG