Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Сербия Косовону кантондорго бөлүүнү талап кылат


БРЮССЕЛ. Сербиянын өкмөт башчысы Воислав Коштуница Косоводогу бийликтин децентралдаштырылуусун талап кылды. Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди менен Брюсселде өткөн сүйлөшүүдөн кийин берген маалыматында Коштуница Косовону кантонго бөлүү аймактагы серб жана башка азчылыктардын укуктарынын кепилденишине өбөлгө түзөөрүн айтты. Евробиримдиктин (ЕБ) өкүлү уюмдун жетекчилигинде бул маселе боюнча расмий көз караш али иштелип чыкпаганын, бирок ЕБ Улуттар Уюмунун Косоводогу бийлигине шек келтирген демилгени колдобой турганын айтты.

XS
SM
MD
LG