Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Израил "Хамас" согушкерлерине чабуулун уланта турганын билдирди


Израилдин тышкы иштер министри Шаул Муфас "Хамаска" каршы жасалып жаткан чабуулдар израилдиктердин коопсуздугун бекемдээрин айтты. Ал эми Израил армиясынын командачысы Моше Ялун Хамастын жетекчиси Ахмед Ясиндин өлтүрүлүшү террорчулукка каршы күрөшүүнүн стратегиясында камтылган чара экенин билдирет.

- Террорчулардын инфраструктураларын жойуу жана ана башчысын жок кылуу - антитеррордук стратегиябызда камтылган, - деди Яллун.

Израилдин коопсуздук күчтөрү Хамастын жетекчиси Ахмед Ясиндин өлтүрүлүшүнө байланыштуу жогорку даярдык ахвалына келтирилди. Кечээ Хамас жана башка палестин топтору Шайык Ясиндин өлүмү үчүн Израилден өч алууга кесенген эле. Хамас тобу, баары болуп, 2000дей адамдын өмүрүн алып кеткен террордук чабуулдардын жоопкерчилигин өзүнө алган. Ясиндин өлтүрүлүшүн Бириккен Улуттар Уюму, Евробиримдик жана бир катар өлкөлөр кескин сынга алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG