Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

НАСА: Марста жашоого ылайыктуу шарт бар


Марс планетасынын бетинде туз жана суу болгонун ырастаган таштарды “Opportunity” марсжүргүсү тапканын Кошмо Штаттардын космос агенттиги- НАСА кечээ, шейшемби күнү маалымдады.
Марсты изилдөө миссиясынын илимий жетекчиси Стив Сквайрес:

-Бул табылга (Марста) жашоо үчүн өтө ыңгайлуу чөйрө бар экенин күбөлөйт. Биз аерде жашоо болгонун билбейбиз, бирок ал жактын чөйрөсү жашоого ылайыктуу экени анык.

НАСАнын билдиришинче, Марста тереңдиги 5 сантиметрге жеткен деңиз болушу мүмкүн. Бирок, мурда деңиздин чоңдугу кандай болгону али белгисиз.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек АЗАМ уулу, Прага

XS
SM
MD
LG