Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Евробиримдик Косовону “кантондоштуруу” планына каршы


Кечээ Сербия жана Черногориянын президенти Светозар Марович Косовонун күнкорсуздугу Балкандагы кырдаалды бейстабилдештирет деп, провинция эгемен болушуна каршы экенин билдирди.
Маровичтин айтышынча, өткөн аптада Косоводо болгон жаңжал калкынын көбүн албандар түзгөн провинцияга тиешелүү ар бир чечим ашыкча кылдаттыкты жана жоопкерчиликти талап кылаарын күбөлөйт. Албандар менен сербдер арасындагы чатакта 28 киши шейит кетип, жүздөгөн адамдар жарадар болгон.

Косовону башкаруунун планы менен Евробиримдикти тааныштыруу максатында Брюсселге келген Сербия жана Черногориянын премьер-министри Вожислав Коштуница, келечекте провинциянын автономиялык укугу кеңейткен “кантонго” айлантуу сунушун кечээ шардана кылды:

-Ырасында эле, бул жаңы идея эмес, аны Сербия жана Черногория ойлоп таппады. Кантон автономиядан бөлөк болоорун биринчи жолу Европа Кеңеши айтып чыккан. Бул Косово жана Метокияны демократиялаштырып, сербдердин жана албан эмес жамааттардын укугун коргойт.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана “кантондоштуруу” сунушун колдободу. Бирок, шаршемби күнү Косового барып, провинциядагы улуттук азчылыктардын абалын эл аралык коомчулуктун жардамы менен жакшыртуу жолун изилдеп көрөөрүн билдирди.

Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди Коштуницага анын өлкөсү эл аралык согуш трибуналы менен кызматташуусун жакшыртмайын, Евробримдик жана НАТО менен байланышты жакшыртабыз деп күтпөсүн эскертти.

Сербиянын курамындагы Косово 1999-жылдан бери Улуттар Уюмунун башкаруусунда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG