Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:46

АКШ: 11-сентябрь окуяларын териштирүү башталды


Бүгүн Кошмо Штаттардын федералдык комиссиясы 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук чабуулдарды болтурбоо үчүн америкалык ырасмий адамдардын жасаган иштери боюнча угууларды улантат.
Саддам Хусейнди кулатуу планы менен алек болуп, “ал-Каида” чабуул жасайт деген кабарга этибар бербей койду деп президент Бушту күнөөлөгөн Ак Үйдүн мурдакы эксперти Ричард Кларк комиссияга бүгүн көрсөтмө берет.
Жорж Буш шейшемби күнү Кларктын айыптоосун четке кагып, чабуул жөнүндө алдын ала маалымат болсо, авиачабуулдар болтурулмак эмес деп билдирди.
Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл жана коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ комиссияга айтышканга караганда, 11-сентябрь кутуму- Буш 2001-жылдын январында бийликке келгенде- даярдалып жаткандыктан, бин Ладенди өлтүрүү чабуулду токтотпошу мүмкүн болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG