Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

ХАМАСтын жаңы башчысы Израилге согуш жарыялады


Абдел Азиз Рантиси кечээ күнү палестиндердин ХАМАС куралдуу тобунун жаңы башчысы болуп шайланды. Уюмдун мурдакы көсөмү – шейх Ахмед Ясин дүйшөмбү күнү израилдиктер аткан ракетадан өлгөн.
Рантиси кечээ кабарчылар менен болгон кездешүүсүндө элдешүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып, Израилге каршы ачык согуш башталганын жарыя кылды.
.
Кечээ Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Ясинди өлтүрүүнү айыптаган билдирүүсү- АКШ анда ХАМАСтын террорчулугу жөнүндө эч кандай сөз жок деп каршы чыккандан улам- кабыл алынбай калды.

Ислам өлкөлөрүнүн талабына ылайык, бүгүн Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комиссиясынын Венадагы кеңсесинде шейх Ясиндин өлтүрүлүшүнө байланыштуу атайын сессиясы өтөт.

XS
SM
MD
LG