Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:45

ТАЖИКСТАНДА ПЛУТОНИЙДИ УУРДАП САТУУ ЭҢ КИРЕШЕЛҮҮ ИШКЕ АЙЛАНДЫ


Сапар Орозбаков, Прага Тажикстандын калкынын жарымынан көбү жакыр. Мындай шартта адамдар акча табуунун баардык жолуна барууга даяр. Жакында өлкөнүн тартип сактоо органдары плутоний жашырып алып бараткан 3 адамды чегарадан кармашты. Алардын айтымында, кармалгандар бул радиоактивдүү затты Ооганстанга же Пакистанга алып барып сатмакчы болушкан.

Тажикстандын баңгизат боюнча агенттигинин жетекчилеринин айтымында, 15-мартта 3 грамм плутоний капсулун алып бараткан Өзбекстандын бир тургуну кармалган. Кармалган адам аны Ооганстанга же Пакистанга сатуу үчүн алып бара жатканын мойнуна алган. Андан эки күн өткөндөн кийин тажикстандык эки атуул плутоний менен кармалган. Эгерде алардын күнөөсү далилденсе, алардын ар бири 6 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө абакка кесилиши мүмкүн.

Плутоний уранды кайра иштетүүдөн алынган радиоактивдүү элемент болуп эсептелет. Ал өзөктүк реакторлордо жана өзөктүк куралдарды жасоодо колдонулат.

Айлана-чөйрөнү коргоочу эларалык “Гринпис” уюмунун энергетика бөлүмүнүн Москвадагы координатору Владимир Ечупровдун айтымында, тажик полициясы колго түшүргөн плутоний өзөктүк курал даярдоо үчүн аздык кылат. Бирок кадимки эле жардыруучуларды колдонуп, андан террорчулар жеңил-желпи пайдалана алган коркунучтуу бомба жасаса болот. Анын кичинекей эле күкүмү рак оорусун пайда кылып, ал жарылган жер кыртышын көп жылдар бою жашоого ылайыксыз абалга дуушар кылууга жөндөмдүү.

Акыркы кезде кээ бир жерлерде болгон жардыруулар үчүн пайдаланылган бомбалар Борбор Азия аркылуу алынып өткөн плутонийден жасалса керек деген жоромол да бар.

Азыр жакыр адамдарды мындай коркунучтуу затты ташуунун залалы да токтото албайт. Анткени Тажикстанда орточо айлык 13 гана долларды түзөт. Тажикстандын ырасмий адамдары Өзбекстандын атуулу алып бараткан плутоний 20 миң АКШ долларына бааланат деп билдиришти.

Аналитиктердин көрсөтүшүнчө Тажикстандын чегарасы Европа менен Орусиянын Ооганстан менен туташтырган кан жолдогу контрабанда үчүн ыңгайлуу чегара болуп саналат. Тажикстандын Ооганстан менен чегарасы 1300 км созулуп, анын көпчүлүгү кайтарылбаган тоо аймагы аркылуу өтөт. Ал жерден Ооганстандан түндүккө ашып кетүү мындай коркунучтуу, бирок кирешелүү иш үчүн текейге арзыбайт.

Тажикстанда плутонийди уурдап ташыгандар мурда
да бир нече жолу кармалган болчу. Мурда тутулган плутоний көбүнесе өлкөнүн ичиндеги совет доорунда жабылып калган шахталардан алынганы айтылат.

Аталган агенттиктин жетекчиси Аваз Юлдашев плутонийдин кутучасына салынган белгини көрсөтүп, бул жолу ал Орусиядан чыкканын айтты. “Гринпистин” өкүлү Владимир Эчупров да ал белги чынында эле Орусиянын плутоний иштеткен ишканаларына таандык экендигин ырастайт. Бул окуя Борбор Азия аймагы баңгизат гана эмес, радиоактивдүү заттарды ташууга да колдонулган тымызын чыйырдын таманында калганын айгинелөөдө.
XS
SM
MD
LG