Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

ВАШИНГТОНДУН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ ДЕМИЛГЕЛЕРИНИН ДОЛБООРУ ТАЙГАК КЕЧҮҮГӨ ТУШ БОЛДУ


Бүгүн (шаршембиде) да Израил аскерлери Газа тилкесине чабуулун улантты. Шейшембиде палестиндик «Хамас» куралчандар тобунун Газа аймагындагы жетекчиси катары Абдел Азиз Рантиси жарыяланды. Араб өлкөлөрү Вашингтондун кеңири Жакынкы Чыгыш аймагындагы тынчтык жараяны боюнча жаңы долбооруна сын пикирлерин билдирүүдө. Адистердин айтымында, соңку окуялар Ак Үйдүн жаңы долбооруна олуттуу өзгөртүү киргизүүсүнө кошумча түрткү болушу мүмкүн.

Марттын 23үндө «Хамас» тобунун Газа аймагы боюнча жетекчиси болуп дайындалган Абдел Азиз ар-Рантиси - Израилге каршы куралдуу күрөштү убактылуу токтотуу аргасы жөнүндө оюна эч жуутпаган катаал саясатчы катары маалым. Ал израилдик аскерлер атайылап өлтүргөн «Хамастын» Газадагы мурдагы башчысы шейх Ахмед Ясин үчүн өч алынат жана Израилге каршылык көрсөтүү тынымсыз улантылат деп кечээ кечинде билдирди:

- Шейх Ахмад Ясин – биздин символубуз. Биз күрөшүбүздү шейх Ясин туткан нукта улантабыз. Биз шейх Ахмед Ясин ишенген бардык максат-мүдөөнү жүзөгө ашырмакчыбыз.

Дал ушул жаңы коогалаңдуу кырдаалда Израилдин өз коопсуздугун чыңдоо үчүн аскердик чараларга да барууга акылуу экенин белгилеген расмий Вашингтон өзүнүн аймактагы жалпы саясий стратегиясын улантуу жаатында өтө оңтойсуз абалда калды. Жакынкы Чыгыштын кеңири аймагында – Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгинен тартып, Перс булуңуна чейинки аймакта, андан тышкары алыскы Ооганстан менен Пакистанда демократиялык жараянды тереңдетип өнүктүрүүгө чакырган Кошмо Штаттар эми жаңыдан иштелип чыккан долбоорлоруна өзгөртүү киргизээр бекен?

Өткөн жылдын ноябрында АКШ президенти Жорж Уокер Буш Жакынкы Чыгыштагы демократиялык жараянды тереңдетүү демилгесин мындайча баяндаган:

- Азыркы тапта Жакынкы Чыгышта залкар милдет турат. Араб окумуштуулары жакында жүзөгө ашырган илимий баяндаманын сөзү менен алганда, демократиянын дүйнөлүк толкунунун шапатасы «араб өлкөлөрүнө элдир-селдир гана жетти.

Президент Буш андан аркы сөзүндө айрым араб окумуштууларынын Жакынкы Чыгыш коомдорундагы эркиндиктин таңсыктыгы аймакка эле эмес, жалпы дүйнө жүзүнө кесепетин тийгизип жатат деген оюна шилтеме берген.

Феврал айында айрым араб басылмалары АКШнын жаңы иштелип жаткан долбоорунун кээ бир жагдайларын жазып чыгышкан. Анда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү демократиялык жараянга колдоо көрсөтүү, аймакта билимге жана маалыматка ээ болуу шарттарын жакшыртуу, араб өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү чаралары камтылган. Долбоор үстүбүздөгү жылдын июн айында «Чоң сегиздиктин» - эң ири өнүккөн жети мамлекеттин жана Орусиянын мамлекет башчыларынын саммитинде талкуулануу үчүн тымызын даярдалып жаткан.

Арабдардын бир катар авторитардык өлкөлөрүндө бул долбоор чочулоону пайда кылды.

Маселен, АКШга эң жакын шерик болгон Сауд Арабстан, Иордания жана Мысыр (Египет) өкмөттөрү бул долбоорду аймактын саясий түзүлүшүн сырттан тон бычып өзгөртүү аракети катары сынга алышты. Иордан тышкы иштер министри Марван Муашир ар бир реформа сырттан таңууланбастан, өлкөнүн өзүндө бышырылган натыйжа болууга тийиштигин эскертти.

Жакынкы Чыгыш экономикасын изилдеген Кипрдеги илимий борбордун өкүлү Чарлз Сноу АКШнын бул долбоорунун башкы мүчүлүштүктөрүнүн бири – анда жергиликтүү араб өкмөттөрүнүн өздөрүнүн ролу чагылдырылбагандыгы деп санайт. Бул жагдай, анын оюнча, араб мамлекет башчыларын сестентүүдө:

- Алар жалпысынан бул долбоорго сактануу менен карап жатышат, анткени бул долбоор алардын режимине карата коркунуч туудурушу ыктымал. Алар өзгөрүү жараяны ички мүнөздө болушу керек дешүүдө, анткени алар өлкө ичиндеги кайчы көз караштагылардын эбин өздөрү таба алат.

Сноунун оюнча, араб лидерлери реформага барган чакта да, аны сырттан берилген көрсөтмөгө ылайык жүзөгө ашырып жаткандай көрүнүүнү каалашпайт.

АКШ долбоорунун дагы бир талуулуу жагы – анда израил-палестин жаңжалын чечүү жаатында эч олуттуу сунуш камтылбагандыгы. Араб жетекчилери дал ушул жаңжал аймактагы куралдуу тирешүүнүн башкы булагы болууда деп санашат.

Франция да АКШ долбооруна сын көз менен кароодо. Президент Жак Ширак Жакынкы Чыгыштагы жаңылануу жараяны сырткары жактан таңуулоонун жемиши катары жүзөгө ашырылбашы керек деген оюн ушул айдын башында билдирди.

Маалыматтарга караганда, эми расмий Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы жаңы демилгелер долбооруна олуттуу өзгөртүү киргизүүгө камынууда. «Нью Йорк таймс» гезитинин жазышынча, Ак Үйдүн бир өкүлү эми Вашингтон Европа өлкөлөрүнүн жетекчилерине кайрылып, араб лидерлеринин ар кимиси реформа жараянын тереңдетүү жаатында өз өлкөсүнүн долбоорун даярдасын үчүн аларга таасир көрсөтүүгө европалык жетекчилерди чакырууга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG