Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

"Шайлоо кодексине" түшүндүрмө берилүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Борборшайлооком Шайлоо системасы боюнча эларалык фонд менен биргеликте өлкөнүн жаңы "Шайлоо кодексин" түшүндүрүү боюнча семинар өткөрө баштады. Эки күнгө созула турган семинарга саясий партиялардын, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышууда. Жыйында Борборшайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев "Шайлоо кодексине" киргизилген өзгөртүүлөр жана кошумчалар жөнүндө маалымат берди. Бул иш-чарага катышып жаткан «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин билдирүүсүнө караганда, жаңы кодекс мурдагыга караганда дурус. "Кыргызстанда жакшы мыйзамдар болгон менен аларды аткаруу жагы аксап жатат", - деди Эмил Алиев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG