Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Европа биримдигинин программасынын кеңсеси Бишкекте ачылат


БИШКЕК. Ушул айдын отуз биринде Бишкекте Европа биримдигинин Борбор Азиядагы мамлекеттердин чегарасын башкарууну жакшыртууга багытталган БОМКА программасынын кеңсеси ачылат. Мындай маалымат бүгүн БУУнун Бишкектеги үйүнөн алынды. Ал маалыматка караганда, Борбор Азиядагы мамлекеттердин аталган программанын алкагында кызматташуусу тууралуу макулдашууга кол коюулары да болжолдонууда.

БОМКА программасы 2003-жылдан ишке киргизилип, Биримдик ага 32 миллион евро бөлгөн. Анын негизги максаты - Борбор Азиядагы мамлекеттердин чегарачыларын Европанын тажрыйбасынын негизинде окутуу. Өткөн жылдан тарта программага маңзаттарын соодалоону токтотууга багытталган КАДАП программасы кошулган.

XS
SM
MD
LG