Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Кыргызстан менен Евробиримдиктин жыйыны өтмөкчү


БИШКЕК. 26-мартта Бишкекте Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусу боюнча комитеттин бешинчи жыйыны өтөт. Анда өткөн жылы март айында Брюсселде болгон төртүнчү отурумдун жыйынтыгы талкууланып, Биримдиктин кеңейүүсүнүн алкагында кызматташууларды андан ары өнүктүрүү маселеси каралат. Ошондой эле эларалык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуулар болот. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты. Кыргыз тараптан комитеттин теңтөрагалык милдетин быйылкы жылы тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков, ал эми Европа биримдиги тарабынан Евробиримдиктин комиссиясынын тышкы байланыштар боюнча башкы директоратынын Кавказ жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Курт Юл аткармакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG