Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Батыштагы элчилер өз мекенине - Кыргызстанга чакырылышты


БИШКЕК. Кыргызстандын батыш өлкөлөрдөгү баардык элчилери бул күндөрү мекенинде жүрүшөт. Алар бүгүн адегенде каржы министрлигинде жолугушуулар өткөрдү. Андан кийин премьер-министр Николай Танаевдин кабыл алуусунда болушту. Бул тууралуу шаршемби күнү өкмөттүн эларалык байланыштар бөлүмүнүн кызматкери Жамалбек Тургунбеков билдирди. Анын айтымында, элчилер Чыңгыз Айтматов, Кемелбек Нанаев, Уркалый Исаев, Аскар Сарыгулов, Замира Шаймергенова, Бактыбек Абдирисаев жана Камил Баялиновду Бишкекке чакыруунун максаты өлкөнүн батыш мамлекеттери менен ар тараптуу кызматташтыгын чыңдоо, экономикалык дипломатияны өркүндөтүү жана инвестиция тартууда элчиликтердин мүмкүнчүлүктөрүн толугураак пайдалануу болду. Элчилерди 25-мартта президент Аскар Акаев да кабыл алмакчы.

XS
SM
MD
LG