Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

КОЛ ЖАЗМАЛАР - СЫРЫ ТОЛУК ЧЕЧИЛЕ ЭЛЕК СЫРДУУ ДҮЙНӨ


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында кыргыз элинин тарых, маданият, адабият, салт-санаа, рухий турмушун чагылдырган уникалдуу казына – кол жазма сактоочу бар. Эчен муун жыйноочу, фольклор таануучу, эл оозеки чыгармачылыгын кастарлагандардын аракети менен жыйналган казынанын азыркы абалы, кол жазмалар проблемасы тууралуу бүгүн кеп кылуунун оролу келип турат.

Мындан жыйырма жыл илгери Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалары сакталган бөлүмдү өз алдынча илимий институтка айландыруу, ага кенен жай бөлүштүрүү, текст таануу илимин алдыга жылдыруу аракети көрүлгөн. А бирок, ал изги тилек ишке ашпай калды. Аз өтпөй заман өзгөрүлүп, кечээки көргөн бүгүн жок кыйын кезең башталды. Экономикалык оорчулуктун кээрин Улуттук илимдер академиясы, анын ичинде Манас таануу жана көркөм маданият улуттук борбору да тартып келүүдө. Демөөрчү, сүрөөнчүлөрдүн, жеке демилге, аракеттин күчү менен ушу тапта илимий борбор эл адабиятынын 40 томдугун, акындар чыгармачылыгынын 10 томдугун жарыялоодо. Борбор “Манастын” академиялык илимий басылышын колго алган. Бирок да каражаттын жоктугунан ал азыр убактылуу токтоп турат. Дагы бир жаңы табылга - кол жазмалардын илимий сыпаттамалары жарыкка чыгууда. Өмүрүнүн кырк жылга жакын убактысын улут адабиятына, элдик көркөм мурасты иликтөөгө арнаган акын жана илимпоз Омор Сооронов Кол жазмалар сактоочунда топтолгон баалуу мурастар мезгили келгенде жарыяланат деген ишенимде. Ага чейин баалуу мурастарды бүлүнтпөй этият сактоо керек дейт. Казынадагы кол жазма, үн тасмалар убакыт өткөн сайын эскирип барат:

- Биз колжазмалар бөлүмү деп аталабыз, үч киши барбыз. Менин өзүмүн билишимче мына он жылдан ашуун убактан бери кол жазмага деп бир тыйын да бөлүнгөн жок. Сакталып турган кол жазмалардын түп нускасын которуп, көчүрүп, анын экинчи нускасын даярдап, аны башка жайда сактоо керек. Бул өзү дүйнө боюнча эрежеси ошондой. Окуйбуз, көрөбүз, билебиз деп келгендерге ошол экинчи нускасын бериш керек. А бизде андай эмес. Анча-мынча эле кол жазмалардын экинчи нускасы болбосо, калганынын экинчиси жок. Түп нускасы боюнча эле турат. Кандай жыйналып келсе, кандай папкага салынса, ошол боюнча турат. Атүгүл айрым папкаларда кассетасы менен сакталууда. Жазылып келген кол жазмалардын, атүгүл кийинкилери деле, сыяларынын ар түрдүүлүгүнөн өчүп калат экен. Мени айрыкча тынчсыздандырганы, мына мисалы, отузунчу жылдары жазылган кол жазмалардын абалы. Мисалы мен К.Тыныстановдун кол жазмаларын окуй албайм. Латын тамгасы, кийин орус тамгага машинкага басылган. Бирок турган сайын өчүп кете берет экен. Мени чочулатканы – ушу кол жазмалар өчүп калбаса, жыртылып кетпесе, өрттөнүп кетпесе. Момундай заманда, кол жазмалар үчүн бир тыйын бөлүнбөгөн заманда кол жазмаларды сакташтан башка амал калган жок. Аны көчүрүү, изилдөө, иликтөө кийинки муундардын иши болуп калат окшойт. Бул учурда азырынча эч нерсе көрүнбөй турат. Үнү жазылгандарды сурап атпайсыңбы, бир шкаф болуп турат. Менин бул жерге келгениме 40 жылдай болуп калды. Ошо мен келгенде жазылган ленталар дагыле турат. Эрежеси боюнча, мезгили келгенде көчүрүп жазыш керек экен. Аны көчүрө турган аппарат да жок. Жазылган ленталар эмне болгонун бир Кудай эле билбесе эч ким билбейт. Эми анда укмуштай материалдар, “Манасты” изилдөөчүлөр кыдырып жүрүп Саякбайдан, башка манасчылардан жазып алгандары бар. Баалуу кол жазмалар деп атпайсыңбы. Бизде кол жазмаларга жөн эле бир китептей, дептердей мамиле кылат окшойбуз. Баалуу кол жазмалар ыңгайы бар жерде көздүн карегиндей бапестелип сакталышы керек. Биздин кол жазмалар аралаш. Кайсы папкага салынса ошондо. Бу кол жазмалар фондусундагы папкаларда укмуштай материалдар бар. Ичин ачып карабагандары толтура. Мисалы, Узакбай Абдукаимовдун “Кенже лейтенанттын күндөлүгү” деген кол жазмасы турат. Мына жеңиштин 60 жылдыгы болуп атпайбы. Ошого ылайыктап күндөлүктү чыгарып койсо жакшы болбойт беле. Мындагы папкалардын ичинде жүздөгөн авторлордун кол азмасы жатат. Ошолордун авазы турат. Алар “мына биз жазып бердик, аныбыз элге жетсе экен” деген үмүт менен айтып, жазып беришкен да, - дейт Омор Сооронов.

Өкмөт токтому менен кол жазмаларды иликтөө, изилдөө, аларды жарыялоо милдети Улуттук илимдер академиясынын Манастаануу жана көркөм маданият улуттук борборуна жүктөлгөн. Борбор жетекчиси, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Абдылдажан Акматалиев бул милдет колдон келишинче аткарылып жатканын айтты. Кендирди кескен каражаттын жетишсиздиги, адистердин аздыгы.

- Жакынкы жылдары “Эл адабияты” сериясын чыгарууну баштаганыбызды коомчулук жакшы билет. Анын 30 тому жарык көрдү. Мындан тышкары он томдук “Акындар” сериясын баштаганбыз. Анын үч китеби чыкты. Мында социализм заманында туура баа албаган же таптакыр изилденбеген акындардын чыгармалары жарык көрмөкчү. Бизге азыркы күндүн талабына жооп берген материалдык-техникалык жабдуулар керек. Бул боюнча биз көп жерлерге кайрылганбыз. Айтып атабыз. Азыр биз кол жазмалардын сыпаттамасын жазып жатабыз. 6 китеп чыкты. Анда кол жазма кимден жазылып алынганы, качан жазылганы, кайсы жерде сакталып атканы көрсөтүлөт. Бизде кызматкерлер жетишпейт. Үч киши болсо жакшы болор эле.

Кыргыз акын-жазуучуларынын кол жазмаларынын сакталышына кесиптешим Фатима Абдалова кызыккан. Анда кепти Фатимага узатсам.

- Ырахмат, Бекташ мырза.

Кыргыз мамлекеттик архивинде сакталып турган кагаздардын 30 пайызын кол жазмалар түзѳт. Ал кол жазмалар негизинен -1916-жылдагы кѳтѳрүлүшкѳ жана совет бийлиги орногондон тарта 30-40-жылдардагы окуяларга байланышкан кагаздар. Мамлекеттик архивде сакталып турган кол жазмалардын абалы жѳнүндѳ Кыргызстандын Архив тармагында 40 жыл эмгектенген ишмер, Кыргыз мамлекеттик архивинин мамлекеттик архив инспекция бѳлүмүнүн жетекчиси Тѳлѳгѳн Абдыкаров мындай деди:

- Айрыкча согуш жылдарында кагаз тартыш болуп, гезиттердин бетине, китептерге калем менен жазылган кол жазмалар бар. Кѳбүнчѳ латын, араб арибинде жазылган докуметтер бар. Алардын кѳпчүлүгү окулбай, тарыхка белгисиз болуп жаткан документтер.Ошол документтер эскилигинен, убакыттын ѳткѳндүгүнѳн, начар кагаздарга жазылгандыгынан, алардын кѳпчүлүгү ѳчүп баратат. Адарды калыбына келтиргенге жабдыктар жок. Биз советтин убагында аларды жѳн эле механический машинкага жазып, материалдын артына тиркеп жүрчүбүз. Ал иштер азыр токтоп калган. Бирок ошол документтерди кайрадан жок дегенде механикалык машинкалар менен болсо да калыбына келтирсек деп ойлойбуз. Эми азыр механикалык машинкалар да жок. Борбордук архивде бир гана компьютер бар. Эски кол жазмаларды компьютерге салсак деген ой бар.

Ал эми Бишкектеги Токтогул атындагы Адабият музейи 1989-жылдан бери иштеп келет. Музейдеги кол жазмалар тууралу музейдин башчысы Гүлсүн Асеитова мына буларды айтып берди:

- Бул үйдѳ Токтогулдун кызы Гүлсара жашаган. Кѳзү ѳтүп кеткен акын-жазуучулардын кол жазмаларын чогултуп келгенбиз. Кымбатбек Укаев, Кадырбай Мамбетакунов, Касымаалы Бектенов, Асылбек Медетбеков, Тазабек Саманчиндин кол жазмалары ушул музейде сакталууда. Ушул музей ачылганда, сактоочу жай курулбаптыр. Кол жазмаларды ѳз эрежеси менен сактап жүрѳбүз, бирок сактоочу жайыбыз жок. Кичине эле бир бурчка сактап жүрѳбүз. Компьютер жок. Компьютер болсо, ар бир кол жазманы иретке келтирип компьютерге салып койсок жакшы болмок.

Микрофонду ѳзүңүзгѳ узатайын, Бекташ мырза.

- Ырахмат, Фатима.
Көркөм сөз таануу адистигин тандап алган студенттердин сөз жыйноо, элдик мурастарды чогултуу аракети тууралуу Жазгүл Жамангулова кеп кылып бермекчи.

- Жогорку окуу жайлардын филология жана тарых факультеттеринин студенттери биринчи курстун аягында элдик чыгармачылыкты, тарыхты жазып келүү үчүн атайын жер-жерлерге жөнөтүлүп келген. Бирок бул 90-жылдары экономикалык тартыштыктан улам жолго коюлбай, студенттер өз айылдарына гана жибериле баштаган. Бардык окуу жайларды айтпасак да, Улуттук университетинин мисалында карасак, 1998- 99- жылдардан тартып эл оозунан чогултуп жазуу иши бир аз жолго коюлууда. Толугу менен шарт түзүлбөсө да, алардын барып келишине бюджеттен акча каралат.

- Мен Алиев Темиркул. Биз негизинен бир дептер жазуу ишин тапшырышыбыз керек. Аларды сактап, кийин китеп кылып чыгарабыз деп айтышат.

- Айзада Мусаева. Кыргыз Улуттук Университетинин студентимин. Бизге негизинен жолкире бөлүнөт, бирок ал жерге баргандан кийинки жашоого шарт каралган эмес. Өзүң тааныштарың менен барышың керек. Ошондуктан студенттердин көбү өз айылдарына барабыз дешет.

- Мен Бакыт Азимбаев, биздин балдар кыздар таласка жиберилип, материалдарды топтоп келген. Ал матеиалдар сакталуу, ал эми алардын колдонушу туурасында мен эч нерсе айта албайм.

Булар кыргыз тил жана адабият багытындагы студенттер болгондуктан сөздү элдик оозеки чыгармачылык жөнүндө улантсак. Учурда Кыргыз Улуттук Университетинин филология факультетинин 2003- 2004- жылдын илимий иштеринин негизги планына, 50- жылдардан берки студенттердин фольклордук материалдарын жанр боюнча бөлүштүрүп, басмага даярдоо каралган. Чогулган материалдар болжол менен 8 томго ылайыкташтырылууда. Бул маалыматты ушул окуу жайдын окутуучусу Б. Баймырзаев толуктайт.

- Профессор Качкынбай Артыкпаев баштаган, кафеда мүчөлөрү иштеп жатат. Азыр басылмага даярдап жаткан учурубуз.

Омор Сооронов кол жазмалар тууралуу, Улуттук илимдер академиясындагы баалуу көркөм казына жөнүндө кеп кылуудан тажабайт. Кыйла жылдык өмүрүн кол жазмаларды иликтөөгө арнаган таланттуу илимпоз бул керемет дүйнөнүн ачылалек сырларын элге жеткирүү аракетин жасап келатат. Анын айтымында:

- Буга бир фанатик адам, анын ичине кирип алып күнү-түнү чыкпай иштеп, көп неселерди алып чыса болот.
XS
SM
MD
LG