Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

“Хамас” америкалык обьекттерге кастарын тикпейт


Террордун баары Израилге гана каршы жасалат. Аталган уюмдун жаңы шайланган лидери Абдел Азиз Рантиси ушундай деп билдирди. Рантиси палестиналыктарды баш коштуруп, Израил менен күрөшүүнү өзүнүн жакынкы келечектеги негизги максаты деп атады. Хамасчылар шейх Ахмед Яссиндин өлүмү үчүн жөөттөрдөн өч ала тургандыгын эскертишкен. Уюмдун аскери өкүлү бүгүн Яссиндин куну жөөт премьери Ариэл Шарондун өлүмү менен гана төлөнүшү мүмкүн деп билдирди. ООНдун адам укуктары боюнча комиссиясы шейхти өлтүргөнү үчүн Израилди айыптаган резолюция кабыл алды. Резолюцияны жактап комиссиянын 32 мүчөсү добуш берди, АКШ менен Австралия каршы болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG