Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Мадридде бүгүн аза күтүү каадасы өткөрүлдү


11-марттагы террордо набыт болгондордун арбайын эскерүү ырасмысына испан падышасынын бүткүл оолаты, чет элдик жоон топ жетекчилер катышты. Мадриддин архиепискобу кардинал Антонио Руко Варела террорду адам баласы диттегис мыкаачылык деп атады. Шейит кеткендердин тууган-уруктарына кайрылып, ич эңшерген ачуу кайгы алардын эле эмес, бүткүл шаардыктар менен испаниялыктардын күйүтүнө айланып, андан соң жалпы дүйнөнүн кабыргасын кайыштырганын белгиледи. Азат күтүү каадасында британ премьери, немец канцлери, Франциянын жана Италиянын президенттери, АКШнын мамлекеттик катчысы жана башка мартабалуу коноктор болушту. Ырасмий маалыматтарга ылайык, Мадриддеги террордо 190 киши набыт болгон, мурда алардын саны 202ге жетти деп айтылган эле. Кыянатты уюштурган деген шек менен он үч киши, алардын ичинде марокколук он жаран кармалды.

XS
SM
MD
LG