Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:01

УЧУП КЕТКЕН УЧКУЛ ЫРГА АЙЛАНЫП


Акын Жоомарт Чоробаев 25 жашында жаңыдан уюшулган Нарын облустук радио комитетин жетектеп, он жыл аралыгында облустук радио берүүлөрүн жогорку профессоналдык деңгээлге көтөрөт. Коммунисттик партиянын облустук айрым жетекчилеринин жеке кармашуусунун натыйжасында Жоомарт Чоробаев облус жетекчилери тарабынан куугунтукка алынып, партиянын катарынан чыгарылып, кызматтан четтетилет. Бийлик тарабынан ыгы жок басмырлоого туруштук бере албай жүрөк ооруга чалдыгат.

“Тездетүүгө машина ылдамдыгын,
Баратты дөңгөлөктөр чимирилип,
Шуулдап, зымырылып, тымтырстыкта,
Ылдамдык ылдамдыкка обдулушуп,
Туш келдим күтүүсүздөн бул кырсыкка.
Күтүүсүз бырын-чырын,
Баарыбыз бул кырсыкты сездик дагы,
Заматта көз боочудай көздөн кайым,
Үзүлдү баш бербеген тездик дагы.
Кырсыкка төштү тоскон,
Ушундай ылдамдык керек беле?
Мен неге шаштым экен”.
Акын Жоомарт Чоробаев бул саптарды кагаз бетине чиймелеп жазгандан үч күн өткөндөн кийин, кырчындай кырк жаш курагында жол кырсыгынан каза болот. Кудум жазган ырларындагыдай анын тагдыры өтө армандуу аяктайт. Бул карагашалуу окуя 1985-жылы жаз айынын акыркы күндөрүндө болгон эле. Жоомарт Чоробаевдин теңтуштарынын, калемдештеринин айтымында, ал Нарын облустук радио комитетин жетектеп турган учурда “облрадионун он жылдыгын өткөргөнсүң, ага калем акы төлөгөнсүң, радиого бөлүнгөн акчаларга машинеге май куйдургансың” - деп облустук партиялык айрым жетекчилер аны куугунтукка алып, кайра-кайра текшерүүлөрдү уюштуруп, анын ишинен кылдан кыйкым таап тагдырына балта чабышат. Аны ак жеринен партиянын катарынан чыгарып, кызматтан четтетишет. Чын дилинен ишенген, партиянын катарындагы облустук бийликтин айрым мыкчыгерлеринин эки жүздүүлүгүнө, караөзгөйлүгүнө, таш боордугуна акындын жүрөгү туруштук бере албай, инсульт болот. Бирок жашоого умтулуп, ар бир жазган ыр саптарынан кубат алып, ооруну жеңүүгө бел байлайт. Анын өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде жазган ырлары поэтикалуулугу, масштабдуулугу, тереңдиги менен айырмаланат. Ак жеринен караланып, жан дүйнөсү бычыранып тебеленип жатканда, “ Суранаарым,өткөнчө өмүр, өтсө дагы өмүр, Актыгымды бергиле”, деп чыркыраганын, адам тагдыры менен каалагандай ойногон ошол облустук партиялык жетекчилер туйбаса керек. Жоомарт Чоробаевдин сырдашы, калемдеш-замандашы, драматург Садыр Сарыгулов анын өмүрүнүн акыркы минуталарын мындайча эскерет:

– Жоомарт экөөбүз абдан сырдаш элек. Жаны жаннаты болгур, өмүрүнүн акыркы эки жылында жалаң нервдин айынан бир жак ыптасы кыймылдабай шал болуп жатып калды. Ага карабай өтө катуу иштеди, мыкты ырларды жаратты. Бир жолу барып калдым. “Саке чыгармачыл адам партияга өтпөй эле койсо, болбосо колу буту тушалып калат экен” дегени бар. Маркум эки жалындын ортосунда өрттөнүп кетти. Обкомдун үчүнчү катчысы менен шаардын биринчи катчысы экөө кармашып кетип, эки ортодо кайран жигит “курмандыкка” чалынды.Ошонун кесепетинен денсоолугунан айрылды, акыры кырсыкка дуушар болду.

-Садыр мырза, Жоомарт аганы шайдоот, ар бир ишке чыйрак, зирек акыл жигит эле дешет билгендер?

–Жоомарт абдан адамгерчиликтүү жигит болчу. Колундагы бир кесим нандын жарымын жанындагыга бөлүп берүүчү. Кичипейил, колунан келген жакшылыгын адамдан айоочу эмес. Экинчиден, чогуу иштеген кызматкерлери менен коюн колтук алышып ымалалашып кетчүү. Эч качан мен жетекчимин деп бой көтөрүүчү эмес. Анан уюштуруучулук жөндөмү да күчтүү эле. Бир ишти беттесе шуулдап шымаланып киришчүү. Ыраматылык атасы да шар киши эле. Атасын тартса керек.

Атасы демекчи Жоомарт Чоробаевдин атасы Абдыкалык Чоробаев айтылуу Тоголок Молдонун шакирти катчысы болгон. Анын калеминен Молдокенин баардык чыгармалары кагазга түшүрүлүп, ал эми өзү поэма, дастан,ырларынын ондогон жыйнагын чыгарган. “Акындын эки өмүрү бар”, демекчи Жоомарт Чоробаевдин артында экинчи өмүрү, анын ырлары калды.

” - Жер дүйнөдө жашап жаткан адамдар,
Улуу сөзүн урматташат байралып.
Акын өлүп, анын жаны түбөлүк,
Учуп кеткен учкул ырга айланып.”


Ыр сабында айтылгандай “анын жанын түбөлүк калтыруучу касиет” акындын чыгармаларында. Учуп кетет учкул ырга айланып.
XS
SM
MD
LG