Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

ДҮЙНӨДӨ КУРГАК УЧУКТАН МИЛЛИАРДДАЙ АДАМ ЖАПА ЧЕГЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 24-мартта дүйнө өлкөлөрүндө кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолу боюнча, келээрки 20 жылдын ичинде бул коркунучтуу ооруну жугузуп алган адамдардын саны бир миллард кишини түзүп, алардын 36 миллиону каза болот. Мындай кайгылуу сандык көрсөткүч ооруну ооздуктоо үчүн чечкиндүү чаралар зарыл экенин ырастоодо.

Кагырап кургап калган деңиз түбүнөн тонналаган уулу чаң асманга сапырылып, калк отурукташкан шаар-кышактарды каптап турган Аралдын бассейнинде бул оорунун жайылышы эпидемиялык дэңгээлге жетти. Оорунун жайылышына экологиянын оор ахвалы менен катар жумушсуздук, жакырдык жана калктын жалпы эле начар тамактануусу өбөлгө болуп жатат. Казакстандын Кызыл-Орда областынын туберкулөз ооруканасынын Тажибай Базылкайров ооруга чалдыккан адамдардын көбү жумушсуздар экенин баяндайт.

- Былтыр ооруну жугузуп алган адамдардын 70 процентин жумушсуз адамдар түзгөн. Мен бул оору чоң аталарынан небере-жээндерине, бүт үй бүлөгө жуккан учурларды билем.

Аралдын жака-бели кургак учук эң көп тараган постсоветтик аймак. Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстандын Каракалпак автономдуу жумуриятында бул ооруга ар бир 100 миң кишинин 478и чалдыккан.

Арал деңизинин атырабындагы аймактар бул оору кеңири тараган жалгыз чөлкөм эмес. Мисалы, ич ара согуштан эми араң тирденип келаткан Тажикстандын Давлос райондорунда бул оору айрыкча күч. Бул райондун тургуну Саиджамол Миродов:

- Акыркы 2-3 жылдын ичинде бул кеселден менин эле үй бүлөмөн 12 киши кайтыш болду. Бир тууганым, аялым, балдарым, балдызым - баары тең кургак учуктан каза тапты.

Анын кайгысын бөлүшкөн дагы бир жердеш келин:

- Биздин кыштакта 150 үй бүлө жашайт, алардын 50дөйү гана бул ооруну жугузуп ала элек. Калган айылдаштарымдын баары оорукчан. Калктын жашынын узактыгы 25тен ары өтпөй калды.

Кургак учук оорусу өтө өтүшүп кете элек кезинде -айыкчу дарт. Анын кадимки түрүн айыктыруу үчүн баасы 10 доллардын тегерегин түзгөн дарылар талап этилет. Адатта жарым жыл ырааттуу дарылаган соң оору айыгып кетет. Бирок акыркы жылдарда илдеттин жаңы - түспөлү өзгөргөн түрлөрү пайда болду. Алар адатта пайдаланып жүргөн дарыларга мойун сунбайт, аны айыктыруу үчүн алдыда белгиленген 10 долларлык препартардан 100 эсеге кымбат дарыларды колдонуу керек. Андай каражаттар болсо оорулардын өзүлөрүндө да, жумурияттардын саламаттык сактоо тармактарында да жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстан менен Казакстанда азыр кургак учукту жугузуп алган пациенттердин 14 проценти дарттын дарыга баш бербеген өзгөргөн түрлөрүнө туш болушат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кургак учук оорусуна каршы программасынын башчысы Пол Нанн Борбор Азияда мындай оор ахвалдын түзүлгөнүнө жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелери өзүлөрү күнөөлүү деп эсептейт:

- Кургак учукту көзөмөлдөөнүн механизми эларалык стандарттарга төп келбейт.

Наандын пикиринде, оорунун мутацияланышына дарылардын таңсыктыгына байланыштуу дарылоо курсунун көп учурда соңуна чыгарылбай, ара жолдо калтырылып жатканы же дарылардын ооруларга тийешелүү дозаларда берилбей калып жатканы себеп болууда.

Ошентсе да, эларалык донорлордун жардамы менен ишке ашырылган программалар Борбор Азиянын айрым жерлеринде ахвалды, бир аз болсо да, жакшыртканга мүмкүн болду. Мисалы былтыр Кыргызстанда бул ооруга чалдыккан адамдардын саны мурдагы жылдарга караганда бир аз азайган. Кургак учук оорусун изилдөө институтунун директору дарыгер Автандил Алишеровдун айтымында, Кырыгызстанда ахвал дале болсо тынчсыздандырарлык.

Алишеров мырза кургак учук оорусун алдын алуу жана дарылоо ишинде Германиянын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы чоң болгонун белгилейт. Азыр ооруну алдын алуу жана дарылоо ишинде өкмөттүн үлүшү 60 процентти гана түзөт.
Жаза өтөө жайлары - кургак учуктун коркунучтуу очогу болуп кала берүүдө. Бирок ал жерде илдетти алдын алуу жана дарылоо кандай жолго койулганы азырынча толук изилдене элек жатат.

XS
SM
MD
LG