Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

ЭКОНОМИКА КӨМҮСКӨДӨН ЧЫГАБЫ? КУРУУЧУЛАР КЫТАЙЛЫК, МАЙЛУСУУ - ЭКИНЧИ ЧЕРНОБЫЛБЫ?


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 25-мартта басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында Америкага барышкан кыргыз саясатчыларынын жолугушууларында эмне жөнүндө сөз болгонун депутат Өмүрбек Текебаев баяндайт. Шаршембидеги «Московский Комсомолец Кыргызстан» жана “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмалары президент Аскар Акаевдин Польшадагы ырасмий сапары жана Нооруз майрамдык салтанаттар менен кенен тааныштырды.

Бейшембиге басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөдөгү 100 саясатчынын беделин беришүүдө. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Линн Паско менен Кыргызстандык саясатчылардын жолугушуусу тууралуу Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев айтып берет. Ушул басылмада дагы кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова буларды айтып берди:

- Бей тарап соттун ишмердүүлүгү жана алар өткөргөн форум жөнүндө эларалык бейтарап соттун төрагасы Темирбек Кененбаев айтып берет. Евросоюздагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн ачылышы өлкөгө эмне пайда алып келет? НАТО менен кызматташуунун өлкө үчүн зарылдыгы эмнеде? Кыргызстанда капиталды мунапыска чыгаруу керекпи? Көмүскө экономиканын ачыкка чыгаруу максатын көздөгөн форум максатына жеталабы? «Общественный рейтинг» жумалыгында ушундай суроолорго жооп аласыздар. Эмдиги жылдан баштап өлкөдө акча төлөмдөрү пластикалык карточкалар менен жүргүзүлө баштайт. Бул жагдай улуттук банктын иш-аракети, ишмердүүлүгүнө кандай таасир берээри тууралуу ой- пикирлер бар .

Бейшембиде чыгууга даярдалып жаткан “Учкун” басылмасында кандай мазмундагы макалаларга орун берип жаткандыгын баш редактор Нургазы Анаркулов мындай дейт:

- Кабарчыбыз Бакыт Улукбековдун Аксы окуясынан кийинки бийликтин кадамдары тууралуу макаласы жана Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун Кумтөр кени тууралуу аргументтүү далилдерге ширелген материалы басылганы турат. Ошондой эле коңшу Тажикстандагы саясый абал тууралуу макалага да орун берилип жатат.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси президент Аскар Акаевдин Польшадагы расмий сапарында эки тараптуу 4 келишимге кол коюлганын, Польша- Кыргызстан үчүн Европанын эшигин ачып берээрин жазды.

«Өлкөдөгү салык кодексине 600дөн ашуун толуктоо жана оңдоолорду киргизгенде, патент берүүнү токтотуп, орто жана кичи ишкерчиликти өнүктүргөндө гана бизнес көмүскөдөн чыгат» деп жазат тиркеменин кабарчысы Елена Мешкова.

«Акыркы 14 жылдын ичинде Майлусууда адам өлүмү 40 пайызга жогорулаган. Бул шаарга жакын уран калдыктары көмүлгөн 23 аймак жайгашкан. Мында адам өмүрүнө зыяндуу 4 миллион тонна калдыктар көмүлгөн. Ошондуктан тез арада чара көрүлбөсө, эгерде жер көчсө бул аймак экинчи Чернобылга айланышы мүмкүн» деп тынчызданат журналист Дмитрий Орлов.

Шаршембиде жарык көргөн «Московский Комсомолец Кыргызстан» басылмасы Кыргызстандагы нооруз майрамдык салтанатынан репортаж берди.
Ушул басылманын кабарчысы Мария Орлова түштүк аймагындагы чегарачылардын турмушун кенен баяндап берди. Анда Өзбекстан менен чектешкен жердеги минадан курман болгондор, жаңы түзүлгөн чегара кызматынын проблемалары тууралуу сөз кылат.

Журналист Ольга Беляева өлкөдөгү турак жай курулушуна канча каражат бөлүнгөнүн иликтөөгө алган. «2001-жылы 100 миллион сом берилсе, быйыл 1 млрд. 50 млн. сом бөлүндү. Турак жай курулушуна пайдалануу үчүн мурда сапаттуу курулуш материалдары Орусиядан алынса, эми Кытайдан алынып, ал түгүл айрым учурда жергиликтүү куруучулардын оруна кытайлык жумушчулар ишке алынып жатканына» кабатыр болот автор.

24-марттагы “Адабий гезитте” өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлсайра Момунова окурмандардын суроолоруна жооп берди. “Менин чыгармачылыгыма бут тосуп келишкен, азыр дагы тоскоолдук кылышууда. Көралбастык мени мокотпой эле кайра курчутат” дейт акын айым.

Ушул басылмада Эл аралык таетр күнүнө карата белгилүү драматург Токтоболот Абдымомуновду эскерүүгө арналган Абас Сырымбетовдун макаласы жарыяланды.
XS
SM
MD
LG