Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

БАГДАДГА ЖЕТКЕН БАБАБЫЗ – МАХМУД КАШГАРИ БАРСКАНИ


Эми Жакынкы Чыгышты Борбор Азия менен байланыштырган маданий алакалардын тарыхына кайрылалы. Маалыматтарга караганда, айтылуу энциклопедиячы окумуштуу, түрколог Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» эмгегинин орусча котормосу Казакстанда басмага даярдалууда. Аны казактын чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери Муктар Ауэзовдун небереси Зифа-Алва Ауэзова арабчадан орус тилине которгон. Бүгүн бабабыз Махмуд Кашгаринин көөнөргүс мурасынын Багдад шаарында, азыркы Ирактын – орто кылымдарда Аббасийлер халифатынын ордо шаары болгон жайда жазылыш жагдайы тууралуу азыноолак кеп курабыз.

Дароо тактап айта кетели, борбордук азиялык айрым маалымат булактары Махмуд Кашгарини жана анын атасын Баласагын шаарынан чыккан деп жарыялап жиберишти. Чындыгында, ал орто кылымдарда Ысыккөл кылаасындагы дубандын борбору болгон Барскан шаарында туулган. Ал ата-теги боюнча Караханийлер каганатын негиздеген сулалеге (династияга) таандык.

Өз атасы Хусейин Мухаммед уулу Барскан дубанын бийлеп турган. Айрым америкалык жана орусиялык окумуштуулар Махмуддун ныспасы «ал-Кашгари» болуп чектелбестен, «ал-Барскани» деп да толукталышы керектигин эскеришүүдө.

Украин чыгыш таануучусу Омелян Прицактын далилдешинча, Хусейин уулу Мухаммед небереси Махмуд ал-Кашгари хижранын 4-кылымынын 20-жылдарынын ичинде, христиандык жыл эсеби боюнча – 1029-1038-жылдардын ичинде жарык дүйнөгө келген.

Окумуштууну азыркы тапта «он биринчи кылымдын Радлову» деп айтып жүрүшөт. Тескерисинче, «Василий Васильевич / Фридрих Вилгелм Радлов (1837-1918) – он тогузунчу кылымдын Кашгариси» деп да баалагандар бар. Кандай болсо да, эки илимпозду окшоштурган нерсе – экөө тең жер кезип, Борбордук жана Ички Азияны байырлаган түрк калктарынын чоң улуттарынан тартып, майда уруктарына чейин кыдырып, алардын диалектилик өзгөчөлүктөрүн, этнографиялык мурасын, санжырасын, макал-лакаптарын, дастандарын терең иликтешкен.

Махмуд Барскани Кашгари орто кылымдарда айтылуу «мусулмандык кайра жаралуу доорунун» жемишине каныгып, түрк тилдерин гана эмес, араб тилин да терең үйрөнүп, өз элинин маданий казынасын араб окурмандарына бөксөртпөй жеткирүүнү максат койгон илимпоз.

Ал өзүнүн «Дивану лугати т-турк» - Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» деген эмгегин 1072-1077-жылдары араб тилинде жазып бүтүргөн. Эмгектин кириш бөлүмүндө Махмуд бул энциклопедиялык сөздүктү 11-кылымдын 70-жылдарындагы Аббасийлер халифи ал-Муктадига белекке берүү ниетинде болгонун саймедирлеп жазат:

«Касиеттүү, Пайгамбардык, Имамдык, Хашимийлик, Аббасийлик Кожоюнубуз жана Мырзабыз Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади би-Амриллага, – исламга ишенгендердин Эмиринин жана Ааламдын Кожоюнунун халифине, - тартуу кылуу үчүн ушул китебимди Алла-тааланын көмөгүн көксөө менен, түбөлүккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып бүттүм».

Бул китеп, ошентип, 1077-жылы халифаттын ордо шаары Багдадда жазылып бүтсө керек деп жоромолдоого болот.

Багдадда отурган халиф ал-Муктади 1075-жылы бийликке келип, 1094-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал кезең - Борбор Азиядан Жакынкы Чыгышка селдей каптаган Селжук түрктөрүнүн ташы өөдө кулап турган чак болчу. Багдад халифи ал-Муктади жалпы халифаттын рухий жетекчиси катары таанылган менен, саясий чөйрөдө ал селжук султаны Мелик-шахтын көзүн карап турган.

Дал ошол тапта залкар окумуштуу, жердешибиз Махмуд Кашгари Барскани Багдадда болуп, халифке өз чыгармасын тапшырууга ниеттенген. Анын бул ниети жүзөгө ашканбы, же жокпу, азырынча бизге жеткен жазма булактарда ал тууралуу эч маалымат учурай элек.

Кашгаринин чыгармасынын түп нускасынан көчүрүлгөн кол жазма бүгүнкү күнгө чейин сакталып жетти. Ал азыр Стамбулдагы Миллет китепканасында бапестелип сакталууда.

Багдад менен Кыргызстандын орто кылымдардагы маданий байланышынын бир өрнөгү – дал ушул «Дивану лугати т-турк» эмгеги.

Болочокку берүүлөрүбүздөн Махмуд Кашгаринин жана башка чыгыш даанышмандарынын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган серептер менен тааныша аласыздар.
XS
SM
MD
LG