Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

ХАМАС: КАНГА-КАН, ӨЛҮМГӨ-ӨЛҮМ...


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бүгүн “Хамастын” жетекчилиги Шейх Ясиндин өлүмү үчүн Израилден өч ала турганын кайталады. Уюмдун саясий башчысы Халед Машал палестиндер "канга-кан" деп жооп бере турганын жана “Хамас” эми премьер Ариэл Шаронду да жок кылуудан кайра тартпай калганын эскертти.

Хамастын саясий башчысы Халед Машал 25-мартта Дамаскта сүйлөгөн сөзүндө:

- Шаронго кан төгүү - кан төгүүгө гана алып келет деп айткыбыз келет. Кандуу жебе аны аткандардын өзүнө барып тийет. Израилдиктер жер менен жексен болуп, биз баары бир жеңип чыгабыз, - деп айтты.

Машал израилдиктерге каршы террордук кол салуулар улантыла турганын билдирди.

Анын аралыгында, араб өлкөлөрү Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен “Хамастын” лидери Ахмед Ясиндин өлтүрүлүшүнө байланыштуу расмий билдирүү жасашын талап кылып жатышат. Ясин ушул жумада мечиттен чыгып келаткан жеирнен израилдик ракетага кабылып, курман болгон.

Анын аралыгында, куралчан палестин топтору Израилден өч алабыз деген сөзүн өспүрүм балдардын өмүрүн тобокелге салып болсо да аткарып жатканы айгине болууда. 24-мартта Хвара деген өтмөлүктө израилдик аскерлер 16 жашар палестин баланы жардыргычтарды байланып бараткан жеринен кармап алышкан. Окуя чек арадан өтүүнү каалагандарга жык толгон өтмөлүктө кечки саат төрттөрдө болгон. Өтө кенен чыптама кийип алган баладан шектенип токтоткон израилдик аскерлер ал ичине сегиз килограммдай жардыргыч зат байланып баратканын көрүшкөн. Бала аны бирөөлөр 100 шекел (же 20 еврого тете) акча берип, бомба байланып, чек арадан өтүүгө макул кылышканын айтып берген.

Мындай окуя биринчи жолу болуп отурган жок. Өткөн айда Израилдин полициясы бомба байланган 12,13 жана 15 жаштагы балдарды колго түшүргөн.

Ясиндин ордуна “Хамастын” Газа тилкесиндеги жетекчиси болуп шайланган Абдел Азиз ар-Рантиси 24-мартта:

- Шейх Ахмед Ясин биздин туткан туубуз болчу, биз анын ишин улантабыз. Биз Ясин аркалаган максаттын өтөлүнө чыгабыз, - деп касам ичти.

Өтө консервативдүү көз караштагы Ясин, палестиндердин дагы таасирдүү лидери Ясыр Арафаттан айырмаланып, Палестин жеринде Израил мамлекетинин болушуна караманча каршы чыгып келген. Ал жетектеген “Хамас” уюму израилдиктерге каршы жасалган террордук кол салуулардын көбүнүн жоопкерчилдигин өзүнө алган. Андан баш аягы 2000дей киши курман болгон.

Экстремисттик позициясына карабай, Ясин палестин коомчулугунда жана жалпы эле Жакынкы Чыгышта чоң таасирге ээ болгон. Аны менен Ясыр Арафаттын өзү да эсептешпей койо алган эмес. Ошондуктан Израил аскерлеринин аны артынан түшүп алып өлтүргөнү араб жана жалпы дүйнө коомчулугунда кескин сынга алынды.

- Израилдин мындай мыйзамсыз киши өлтүргөнгө укугу жок, ошон үчүн биз муну сынга алабыз. Аны менен Израил көздөгөн максатына жетпейт, - деди Британ тышкы иштер министри Жек Строу.

Ясиндин өлтүрүлүшүн Евробиримдик да сынга алды. Аттуу-баштуу өлкөлөрдөн сынга албаган жалгыз эле АКШ болду. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш:

- Израил өзүн террордон коргогонго укуктуу жана андай аракетинин натыйжалары кандай болорун билип, тынчтык жолунда кала береринде үмүттөнөм, - деп айтты.

АКШнын Израилдин таламын талашып чыкканын Коопсуздук Саясаты боюнча Женевадагы борбордун директору Шахран Чубин Вашингтондун антитеррордук саясаты менен түшүндүрөт.

- Террорчулар делинген кишилерге сабырдуу мамиле кылууну АКШ Израилден талап кыла албайт. Осама Бин Ладенге окшогон террорчуларга каршы ири операцияларды жүргүзүп жаткан америкалыктардын ага оозу да барбайт.

Ошону менен бирге эле бул аналитик учурда жүргүзүлүп жаткан антитеррордук иш-чараларды кадыресе согуш деп атаганга негиз бар экенин, бирок антитеррордук согуштун көптөгөн аспекттери кадимки согуш эрежелерине төп келбегендиктен, андай согуштун мыйзамдары менен эрежелерин кайра карап чыгуу талапка ылайык келээрин белгилейт.
XS
SM
MD
LG