Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ УЛУТТУК БАНКТЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН КАНААТТАНДЫРАРЛЫК ЭМЕС ДЕП ТАБАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн (бейшемби күнү) Эл өкүлдөр жыйыны Улуттук банктын 2002-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маселени карай баштады. Улуттук банктын төрагасынын отчетунан соң депутаттар аталган банктын ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссия мүчөлөрүнүн маалыматын угушту. Көпчүлүк депутаттар Улуттук банктын ишмердүүлүгүн «канааттандырарлык эмес» деп табууну сунушташууда.

Түшкө чейинки отурумда Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун отчету угулду. Андан соң улуттук банктын 2002-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Шамшыбек Медетбеков жана депутат Болот Байкожоев сөз сүйлөштү.

Шамшыбек Медетбеков эл аралык резерв, баалуу кагаздар жана Европа өнүктүрүү банкы тарабынан берилген кредиттин колдонушу тууралуу маалымат берди. Анын айтмында, 2002-жылдын акырында Улуттук банктын эл аралык резеврдеринин көлөмү 316 миллин 680 миң долларды түзгөн. Ал эми Улуттук банктын эл аралык резервинин кирешелүүлүгү 2001-жылга салыштырганда эки эсе азайган.

Комиссия төрагасы кирешелүүлүктүн мындай төмөндөөсүн «Улуттук банктын жооптуу жетекчилеринин шалаакылыгынан улам болду» деп түшүндүрдү. Ошондой эле ал Улуттук банктын өлкөдөгү коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөсү начар болгондугуна токтоло кетти. Анын айтымында, соңку жылдары Улуттук банктын колдоосу менен ачылып, чет өлкөлүк кредиттерди арбын алган коммерциялык банктар гана банкротко учураган. Жабылган банк жетекчилери чет элдик кредитерди эле алып жок болбостон жоон топ аманачыларды да алдап кетишкен.

Шамшыбековдун маалыматына караганда, Европа өнүктүрүү банкынан алынган насыя (кредит) боюнча өлкө казынасына 7 миллион 277 миң доллар зыян келтирилген. Мындан сырткары, Улуттук банк буга чейин жабылган «Меркурий» банкынын 962 миллион доллар кредит алуусуна көмөктөшкөн. Көп өтпөй аталган банктын жетекчилиги мындай акчаны алып дайынсыз качып кеткен.

Депутаттык комиссиянын жетекчиси Медетбек Шамшыбеков өлкөгө мындай чоң өлчөмдөгү акчанын зыян болушун Улуттук банктагы коррупциянын гүлдөп өнүгүшү менен түшүндүрдү:

- Ушул кредиттик линиялардын документтерин иликтөө бул иште башынан баштап эле коррупция аралашкандыгын көрсөттү. Документтердин баарында Улуттук банк биринчи катардагы карызды төлөөчү экендиги ачык көрсөтүлгөн.

Андан аркы сөзүндө Шамшыбек Медетбеков Улуттук банк мындай кылмыштуу иштерге кошо катышып эле тим болбостон, жогорудагыдай банктарды жабуу демилгесин көтөргөндүгүн айта кетти:

- Улуттук банк кредиттик макулдашуудагы тикелей милдетин аткаруунун ордуна кредиттик линияга катышкан «Меркурий», «Крамдс», «Курулуш» банктарын банкрот кылуу демилгесин көтөргөн. Ушул аракети менен Улуттук банк уурдап, тоноо фактыларын жаап жашырууга катышкан.

Ал эми депутат Болот Байкожоев мындай маалымат Улуттук банк жасаган кылмыштуу иштердин чакан гана бир бөлүгү деген оюн билдирди:

- Мен өзүнүн ишин билген адис катары айтам. Мындай маалымат ири айсбергдин чакан гана бир бөлүгү. Эгерде биз дагы иликтей бере турган болсок көптөгөн күтүлбөгөн фактылар чыга берет. Ошондуктан Улуттук банктын жетекчилиги депутаттык комиссиянын текшерүүсүнө тоскоол болуп жатты. Натыйжада, биздин көптөгөн суроолорубуз жоопсуз калды. Америкалык жазуучу, Петр Хлебников кантип Березовский Орусияны талап тоногондугу тууралуу китеп жазды. Мен дагы кантип Улуттук банк өзүнүн элин талап тоногондугу тууралуу китеп жазгым келүүдө. Улуттук банктын кызматкерлеринин жылдык маянасы жарым миллион сомго жеткен, ал эми банктын кызматкерлерине берилген үстөк баасы жок 50 миллион сомдон ашуун кредит берилген. Улуттук банкты КМШ өлкөлөрүндөгү эле эмес, дүйнөдөгү эң коррупциялашкан банк катарына кошуга болот.

Депутат Байкожоев өз кесиптештеринен Улуттук банк төрагасынын отчетун «канааттандырарлык эмес», деп табууну өтүндү.

Депутаттардын мындай пикирине Улуттук банктын жетекчилиги макул эмес. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов улуттук банктын ишмердүүлүгү тууралуу буларга токтолду:

-Сиздер уруксат берсеңиздер, мен КМШ өлкөлөрүнүн улуттук банктарындагы бир кызматкерге жумшалган каражатты салыштыруу менен айта кетейин. Башка КМШ өлкөлөрүнө караганда, Кыргызстандын улуттук банкынын кызматкерлеринин маянасы аз. Маселен, Грузиянын улуттук банкынын бир кызматкери жылына 16 миң доллар алат. Ал эми Казакстан, Армения банктарынын кызматкерлери 10 миң доллардан алат. Балтика өлкөлөрүнүн банк кызматкерлери болсо жылына 20 дан 30 миң долларга чейин айлык алышат. Ал эми Кыргызстандын улуттук банкынын бир кызматкерлери жылына 8 миң доллар алат. Мындан сыткары мен Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалгандан бери көп иштер аткарылды. Инфляциянын деңгээли төмөндөтүлдү. Акча-кредит саясатынын инструменти дайыма өркүндөтүлүүдө. Бул өз мезгилинде өлкөнүн экономикасын турукташтырууга өбөлгө түзүүдө.

Түштөн кийинки отурумда Жаныш Рустамбеков, Тойгонбек Калматов, Камбаралы Касымов жана башка депуттар чыгып, улуттук банктын ишмердүүлүгүн сындашты. Андан соң жарыш сөзгө он сегиз депутат жазылды.Талкуу эртең (жума күнү) улантыла турган болду.
XS
SM
MD
LG