Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ЭКК коммерциялык банкты колдойт


БИШКЕК. Дүйнөлүк банктын мүчөлөрүнүн тобуна кирген эл аралык финансы корпорациясы менен Кыргызстандагы коммерциялык Инексимбанкынын ортосунда бүгүн бир жарым миллион долларлык кредиттик макулдашууга кол коюлду. Эл аралык финансы корпорациясынан бүгүн алынган маалыматка караганда, макулдашуу кичи жана орто бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында берилди. Ал эми Инексимбанк болсо чакан кредиттерди Кыргызстандын бардык аймактарында чакан жана кичи ишканаларды, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган долбоорлор үчүн берет. Эл аралык финансы корпорациясынын Түштүк Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинин директору Хосров Заманинин айтымында, корпорация Кыргызстандын каржы институттарын чыңдоо милдеттенмесин мойнуна алган жана анда Инексимбанк чечүүчү ролду ойнойт.







Жаңылыктар түрмөгүн Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

XS
SM
MD
LG