Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Тил үйрөнүүчү борбор ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Европа-Азия билими» аттуу тил үйрөтүүчү борбор ачылды. Ал АКШдагы 80 университеттин башын кошкон Америка университеттеринин консорциуму, Кипрдеги Гирн Америка университети жана кыргыз атуулдарынын демилгеси ачылды. Борборду ачууга АКШдагы Кембридж университети лицензия жана окуу куралдарын берди. Борбор кыргыз атуулдарынын англис тилин акыркы технология жана ыкманын жардамы менен үйрөнүүсүнө шарт түзүп, чет жерден билим алууну каалагандарга жолдомо берет. Андан тышкары кыргыз тили үйрөтүлүп, аны үйрөтүү боюнча окуу китептери иштелип чыгат. Борбор бара-бара түрк, кытай тилдерин да үйрөтө баштайт. Мындай маалымат бүгүн Кыргыз-түрк Манас университетинин профессору Кадыраалы Коңкобаевден алынды.

XS
SM
MD
LG