Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Муфтият менен дин комиссиясы СПИДге каршы бирге күрөшөт


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте адамдын иммундук таңсыктык вирусуна жана СПИД дартына каршы күрөшүүгө арналган «Тегерек үстөл» жыйыны болду. Аны дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргыз мусулмандарынын диний башкармалыгы, БУУнун Өнүгүү программасы жана бейөкмөт уюмдар уюштурду. Анда ВИЧ-СПИД дартына каршы күрөшүү жана калкты өз ден соолугуна аяр кароо сезимин калыптандыруу иш чаралары талкууланды. 2004-2005-жылдары ВИЧ-СПИД дартына каршы күрөшүү боюнча өз программасын иштеп чыккан дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү дин башкармалыгын ооруга каршы күрөшүүдө биргелешип иштөөгө чакырды. Ал эми диний башкармалыктын өкүлдөрү калк арасында нике кыюу жана анын талабы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдиришти. Кыргызстандын мамлекеттик дин комиссиясы менен диний башкармалык Борбор Азия региону боюнча биринчилерден болуп бул багытта бирге иш алып барууну көздөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG