Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

А.Айтматов Ооганстан боюнча конференцияга катышат


БИШКЕК. 31-марттан 1-апрелге чейин Германияда Ооганстан боюнча эл аралык конференция болот. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Конференцияда Ооганстанды калыбына келтирүү, ооган өкмөтүн колдоо маселелери талкууланат.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми бүгүн министр Айтматов баштаган делегация КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына жөнөп кетти. 26-мартта боло турган жыйында массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөө, билим берүү жана кылмыштуулукка каршы күрөш маселелери каралат. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкуловдун маалымдоосу боюнча, Минск жыйынында КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин апрель айында Кыргызстанда боло турган жыйынынын күн тартибине кирчү маселелер да талкууланат.

XS
SM
MD
LG