Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Пакистан “ал-Каидачыларга” каршы аракеттерди улантууда


ИСЛАМАБАД. Пакистан ички иштер министрлигинин маалымдашынча, “ал-Каида” мүчөлөрү катары шектелген куралчан топторго каршы Ооганстанга чектеш аймактагы аракеттер учурунда 50 чамалаш террорчу окко учту. Исламабадда ушундай билдирүү жасаган министр Файсал Салех Хайат (Faisal Saleh Hayyat ) өлгөндөрдүн аттарын атаган жок, чет өлкөлүктөр же жергиликтүү атуулдар экенин да ачыктаган жок. Министрдин айтымында, согушчандар толук жок кылынмайынча түштүк Вазиристанда аскерий аракеттер улана берет.

XS
SM
MD
LG