Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Милошевич бошонууну каалайт


ГААГА. Югославиянын мурдагы президенти Слабодан Милошевич жаңы судья дайындоого байланыштуу ой айтуудан баш тартты. Анын пикири сот тарабынан аскер трибуналынын башкы судьясы Ричард Мей өткөн айда кызматтан кеткендигине байланыштуу суралган.
Бирок Милошевич соттон аны бошотуп коюуну өтүндү:

- Мени бошотушуңарды дагы бир жолу сурана. Себеби мындай шартта өзүңөр берген укукка ылайык өзүмдү коргой албайм. Өзүмдү коргоо максатында күбөлөр менен жолугушууга менде азыр мүмкүнчүлүк жок.

Югославиянын мурдагы президенти Эларалык Гаага сотунда 66 иштин негизинде аскер кылымышы боюнча айыпталып жатат. Ал Гаага сотунда сурак берип жатканына эки жылга чамалап калды.

XS
SM
MD
LG