Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Британия өкмөт башчысы Ливияга барды


ТРИПОЛИ. Бүгүн Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр Ливиянын Лидери Муамар Кадафи менен жолугушту. Жолугушууда Кадафи Британия менен Ливиянын жалпылыгы катары терроризмге жана “ал-Каидага” каршы күрөштү атады. Тони Блэр Ливиянын массалык кыргын салуучу куралдардан баш тартышын араб өлкөлөрүнүн маанилүү өңүтү катары белгиледи.

- Эгер биз өзөктүк, химиялык, биологиялык каражаттарга байланышкан программалардын коркунучун элге жеткире алсак, алар өз эрки менен андан баш тартышары анык. Бул өткөн каршылаштыктарды унуткартып, биздин баарыбыздын коопсуздугубуз менен жашообуздун жакшырышын шарттайт.

Ливия менен Британиянын мамлилеси расмий Триполи массалык кыргын салуучу куралдарды иштеп чыгуудан баш тарткандан кийин жакшырган.

Ливиянын лидери Кадафи менен акыркы айда Испаниянын, Италиянын башчылары жолугушкан. Бир жума мурун АКШ мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш иштери боюнча жардамчысы Уильям Бернс жолугушкан. Бул АКШ менен Ливиянын 1980-жылдан берки бийик деңгээлдеги алгачкы жолугушуусу.

XS
SM
MD
LG