Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

АТУУЛДУК КООМДУН ӨКҮЛДӨРҮ АКЫЙКАТ БАШКАРУУГА АРАЛАШАБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда быйылкы жыл "акыйкат башкаруу жылы" деп жарыялангандыгы белгилүү. Учурда коомчулукта Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын акыйкат башкарууга аралашуу маселеси талкууланууда.

Бүгүнкү күндө юстиция министрлигинен 9280 бейөкмөт уюм катталган. Алар учурда экономикалык, социалдык, маданий тармактарда тиешелүү иш-аракеттерди алып барып, өлкөдөгү айрым маселелерди чечүүгө олуттуу жардам көсөтүүдө.

Айрым эларалык уюмдар тарабынан белгиленгендей, Кыргызстанда атуулдук сектордун, анын негизги компоненти болгон бейөкмөт уюмдардын орду жогору турат. Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович мындай дейт:

- Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын санына караганда "Кыргызстан - атуулдук коомдун, бейөкмөт уюмдардын өлкөсү" деп айтаар элем. Бирок албетте, өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдөй эле, Кыргызстанда анын социалдык-экономикалык маселелериндей эле, атуулдук коомунун өнүгүшүндө да бир катар маселелер бар. Менин пикиримде, Кыргызстанда келечекте атуулдук коом жакшы өнүгөт жана коомдо өзүнүн татыктуу ордун ээлейт ,-дейт Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлү.

Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңешинин секретариатынын директору Кубанычбек Өмүралиев өлкөдө акыйкат башкарууга жетишүүгө атуулдук коомдун ролу да жогору деп эсептейт:

- Өлкөдө бейөкмөт уюмдар тарабынан көзөмөл иштери жүргүзүлүшү керек. Бийлик бир жагынан, атуулдук коом экинчи жагынан биргелешип иштесе, акыйкат башкарууда бир топ жылыштар болот. Атуулдук сетор активдүү болбосо, анда коом алдыга жылбайт ,-дейт акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңешинин өкүлү.

Өлкөдө акыйкат башкарууну орнотууда бейөкмөт уюмдар кандай таасирин көрсөтө алат? Алардын бул жараяндарга катышуусунун жолдору кандай болот? Бул маселелер шаршембиде Бишкекте башталган бейөкмөт уюмдардын үч күндүк эларалык конференциясында талкууланган башкы маселелердин бири болуп жатат.

Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү белгилешкендей, өлкөдө акыйкат башкарууга жетишүүдө атуулдук сектор башкы орунда турушу керек. Анткени бийлик өкүлдөрү тарабынан кетирилген катачылык, кемчиликтер, мыйзам бузуулар жөнүндө атуулдук коом тарабынан ачык айкын айтылып, көзөмөл жүргүзүлүшү тийиш. Бул жөнүндө Жалалабат облусунуну «Айымзат» аялдардын коомдук бирикмесинин төрайымы Бегайым Токтоналиева мындай дейт:

- Биз - атуулдук сектордун өкүлдөрү жергиликтүү бийлик тарабынан кандай мыйзам бузуулар болуп жаткандыгы, кандай акча каржаттары өз кызыкчылыктарында иштетилип жаткандыгы жөнүндө көбүрөөк билебиз. Биз мына ушундай маселелер жөнүндө көбүрөөк ачыкка чыгарып, айтып турушубуз керек. Муну менен биз акыйкат башкарууга өзүбүздүн салымыбызды кошкон болобуз.

Ал эми «Ооганчылар» коомдук уюмунун төрагасы Орунбек Чондоев болсо акыйкат башкарууга атуулдук секторунун катышуусу боюнча мындай пикирин ортого салды:

- Атуулдук коом тарабынан көзөмөл керек. Бирок бийлик өкүлдөрү көзөмөл кереги жок деп дайым каршы чыгат. Акыйкат башкаруу үчүн элдин ой-пикирине кулак салуу керек. Бийлик элдин да пикирин уга жүрсө, көп кемчилдиктерин оңдоого жетишээр эле.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясынын өкүлү Кабылбек Жумабаев Кыргызстанда акыйкат башкарууну жүзөгө ашыруу кыйын болот деп эсептейт:

- Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңешинин курамына бир да бейөкмөт уюмунун өкүлү киргизилбептир. Бүгүнкү күндө эл акыйкат башкаруу деген эмне экендигине көп түшүнө бербейт. Акыйкат башкарууну ылдыйдан баштоо керек эле. Кыргызстанда жакын арада акыйкат башкарууга жетишүү мүмкүн эмес. Анткени, өлкөдө мыйзамдар иштебейт.

Айрым бейөкмөт уюмдары белгилешкендей, Кыргызстанда чыныгы акыйкат башкарууну орнотуу үчүн өлкөнүн саясий системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Алардын ичинде эң биринчи кезекте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, айыл өкмөттөрү менен жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын так ажыратуу, райондук жана облустук администрация башчыларын эл тарабынан шайлоо, көз карандысыз сот системасын калыптандыруу багытында иш-чараларды жүргүзүү керек.
XS
SM
MD
LG