Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

АКШ министринин айтымында, чет өлкөлөрдөгү аскерлер түзүлүшү өзгөртүлөт


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ күнү Пентагондо маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ өзүнүн чет өлкөлөрдө жайгашкан аскерлеринин түзүлүшүн чындап эле өзгөртө турганын билдирди. Бирок, министрдин айтымында, бул жараян көптөгөн жылга уланат. Мурда тараган маалыматтарга караганда, Алманиядагы 71 миң америкалык аскердин саны эки эсеге азайтылат жана Алыскы Чыгыштагы 15 миң аскер дагы кыскартылат. Алардын ордуна АКШ дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде чакан аскерий базаларды түзмөкчү.

XS
SM
MD
LG