Брюссел шаарында кечээ күнү Европа Биримдигинин эки күндүк бийик жолугушуусу башталды жана биринчи күнү анын катышуучулары Голландиянын ички иштер министринин мурдагы орун басары Гийс де Вриести террорчулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча Биримдиктин координатору кылып шайлады. Саммитте уюмдун алгачкы конституциясынын долбоору дагы талкууланууда.