Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БЕЙТАРАП СОТ БОРБОР АЗИЯДАГЫ ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮГӨ БЕЛ БАЙЛООДО


Кыргызстанда бейтарап сот институтунун пайда болгонуна үч жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында бейтарап соттун иштөөсүнө негиз берген мыйзамдар кабыл алынып, арбитрлер тандалды. Бирок, эл аралык укуктун деңгээлинде иш алып баруучу соттун толук кандуу иштөөсүнө шарт али жетишсиз.

Кыргызстанда бейтарап соттун иштөөсүнө алгачкы пайдубал 2001-жылы президенттин «Талаштарды сотсуз чечүүнүн тартиби» жөнүндөгү жобону бекиткен жардыгы менен түптөлгөн. Бул документтен кийин «Бейтарап арбитраж” жөнүндөгү мыйзам 2002-жылы кабылданып, өткөн жылкы референдумда бул сот тууралуу жобо Конституцияга киргизилген. Атайын жобо Конституцияга киргизилгенден кийин бейтарап соттун Кыргызстандын бардык укук тармагы менен айкалыша иштегидей мыйзамдарды даярдоочу жумушчу топ президенттин жардыгы менен түзүлүп, ал азыр Атуулдук (Граждандык) кодекстен баштап бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлорун аяктап калды. Анын максаты-ишкерлерге жардам берүү менен бирге эле ишкерликке байланышкан талаш-тартыштарды сотсуз чечүүгө негиз түзүү жана мурда калыптанган сот системасына альтернативалык негизде иштөөчү бейтарап сотту калыптандыруу.

Бирок, Кыргызстанда мындай сотко азырынча ишеним аз. Айрым байкоочулардын баамында, буга бейтарап сот тууралуу жалпы калк арасында түшүнүктүн төмөндүгү өбөлгө түзүүдө. Ушундан улам алар талаш болгон учурда көнгөн адат боюнча эле жалпы сотко кайрылып, акчасын, убактысын жана күч-кубатын көп коротуп жатышат.

АКШнын Өнүгүү агенттигинин коммерциялык укукту өнүктүрүү долбоорунун директору, Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун көзөмөл кеңешинин төрагасы Брайан Кемплдин айтымында, соттун өз деңгээлинде иштөөсү үчүн мамлекеттин колдоосу зарыл:

- Эң алгач мамлекеттин колдоосу зарыл. Ал үчүн бийлик соттун ишине кийлигишпөөсү жана соттун чечимин таанышы керек. Андан тышкары сот чечимдери мамлекеттеги бардык органдар тарабынан аткарылышы зарыл. Чечимдер аткарыла турган болсо, анда ишкер чөйрөнүн сотко муктаждыгы күчөйт жана тышкы инвесторлордун ишеними артат.

Брайан Кемплдин айтымында, өнүккөн мамлекеттерде ишкерликке байланышкан талаштардын 90 пайызы бейтарап сот тарабынан чечилет. Тышкы инвесторлордун жардамына муктаж Кыргызстанда да бул соттун иштөөсүнө шарт түзүлсө, ал чет өлкөлүк каражатты тартууга огожо болот.

Ал эми «Бейтарап сот» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Кыргызстандын соода өнөр жай палатасында түзүлгөн эл аралык бейтарап соттун азыр 112 мүчөсү бар. Соттун төрагасы Темирбек Кененбаевдин айтуусу боюнча, алардын 53ү 15 чет мамлекеттен чакырылган эл аралык арбитрлер.

Сот БУУнун эл аралык соода боюнча комиссиясынын регламентинин негизинде өзүнүн регламентин түзүп, алгачкы арыздарды карай баштады. Эл аралык талапка ылайык түзүлгөн регламенттин негизинде дүйнөдөгү 49 мамлекеттин арбитрлери менен байланыш түзүлүп, азыр Лондондогу королдук арбитр институтунун бөлүмүн Кыргызстанда түзүү аракеттери жүрүп жатат. Ушундан улам азыр Кыргызстандагы 100дөн ашуун компания ишкер долбоорлорду түзгөн учурда бейтарап соттун кийлигишүүсү мүмкүн деген жобону киргизди. Темирбек Кененбаевдин ишеними боюнча, бул бейтарап сот бара-бара ишкерлердин укугун коргоочу жана ишкерликтин өнүгүүсүнө түрткү берүүчү бир таканчык болот.

Бул маселелер 31-мартта боло турган «Бейтарап тескөө институтун өнүктүрүү-инвесторлордун укугун коргоонун кепилдиги» аттуу улуттук форумда талкууланып, бейтарап сотту өнүктүрүүнүн мындан аркы жол-жобосу аныкталат. Анда бейтарап соттун чечимдерин жалпы сот системасы таанып, аны аткарууга ишенимдүү аракеттер көрүлө турган болсо, Кыргызстандагы бейтарап сотту Борбор Азия регионундагы ишкерлердин талашын чечүүчү аймактык сотко айландыруу аракети жасалат.

Өкмөттүн экономика боюнча вице-премьер министри Жоомарт Оторбаевдин айтымына караганда, ага төмөнкүдөй жагдайлар негиз берет:

- Себеби, бизде ага негиз берген жобо Конституцияда, Кылмыш жаза кодексинде жана башка мыйзамдарда бар. Ушундан улам чечимди жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арыз берүү мүмкүнчүлүгү аз. Эгер Казактандагы эки ишкер бири-бири менен долбоор түзгөн учурда арбитраж Кыргызстанда өтсүн деп көрсөтө турган болсо, биздин бейтарап сот тез жана ачык болот. Казакстанда андай соттук тескөөгө негиз берүүчү мыйзам жок .

Ал эми Темирбек Кененбаевдин айтымында, сотту регионалдык сотко айландырууга Эл аралык сооода палатасынын баш кеңесеси Парижде жайгашкан бейтарап соттун улуттук комитеттерди түзүү тажрыйбасы жана жалпы сот менен альтернативалуу сотту тандап алуу атаандаштыгынын түзүлүшү ишеним берип жатат.
XS
SM
MD
LG